Нарын: бир аким менен эки жардамчы аккредитациядан өтпөй калды

Нарын облусунда Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан өткөрүлгөн акимдер жана алардын орун басарларынын аттестациясы жыйынтыкталды. Анын негизинде Жумгал районунун акими Залкарбек Бекбалаев жана Ат-Башы районун акиминин орун басары Динара Жунушева жана Нарын районунун акиминин 1-орун басары Ишенбек Мукамбетов аттестациядан өтпөй калган. Аларга «ээлеген кызматына шайкеш келбейт» деген чечим чыгарылган.

Акимдерди аттестациядан өткөрүү биринчи Нарын облусунда башталган. Кыргызстандагы район акимдерин жана орун басарларын аттестациядан өткөрүү 11-марттан 2-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын районунун акимдери ээлеген кызматына шайкеш келген. Алар кызмат ордунан көтөрүлүүгө сунушталып, автоматтык түрдө кадрлар резервине киргизилди.

*Нарын облусунда беш район бар. Алар: Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондору.

Комиссиянын билдиргенине караганда, чыгарылган чечимдер премьер-министрдин кароосуна жиберилет.

«Аттестациядан өткөн ар бир адам, өз кызмат ордунда калтырылат. Премьер-министрдин чечими чыкканга чейин бардыгы өз милдетин толук аткара берет. Аттестацияда көптөгөн суроолор берилди. Канааттандыраарлык деп айттуудан алыспыз», — деп белгиледи өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Айбек Жунушалиев.

Комиссия мүчөлөрү аттестация жылдын аягында да өткөрүлөрүн белгилеп, облус жетекчилигине ар бир кызмат өкүлдөрүнүн квалификациясын көтөрүүгө чакырды.

Аттестация эки тур менен өттү. Биринчи турда билим сапаты текшерилип, экинчи турда маектешүү жүргүзүлгөн.

Буга чейин, премьер-министр Улукбек Марипов 22-февралда президент Садыр Жапаровдун «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндөгү» 29-январда кол койгон жарлыгына байланышкан кайрылуу жасаган.

Анда ал, бул жарлык «мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды тандоо системасын жана тажрыйбасын түп тамырынан өзгөртүүгө шарт түзөрүн» белгилеген.

Жарлыкты ишке ашыруу үчүн өкмөт район акимдерин жана алардын орун басарларын аттестациядан өткөрүү системасын киргизет. Ошондой эле акимдерди ротациялоо принциби ишке ашырылат.