Бишкек: 12 аскерге кургак учук жуктурган киши табылды

Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо бөлүгүнүн [№ 97632 аскер бөлүгү] 12 аскеринен кургак учук оорусу аныкталды. Алар учурда Бишкек шаарынын кургак учук бейтапканасында дарыланып жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Асел Садырова билдирди.

Маалыматка ылайык, кургак учук инфекциясын аныктоо үчүн аскерлер жана жарандык кызматчылар рентгендик текшерүүлөрдөн өткөрүлгөн.

«Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскер-медициналык башкармалыгы тарабынан бул иш боюнча эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлүп, болжол боюнча башкаларга жуктурган адам табылды. Аскер бөлүктө дезинфекциялык иш-чаралар такай жүргүзүлүп, оору мындан ары жайылбашы үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абал туруктуу», — деди Садырова.

Ал ошондой эле, эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, оорунун очогу табылганын, бул иш боюнча кызматтык териштирүүлөр уланып жатканын кошумчалады.

Бишкек шаардык кургак учук боюнча диспансердин башкы дарыгери Тамара Баялиева «Азаттыкка» жалпы 13 киши кургак учук жуктуруп алганын кабарлаган.

«Бишкектеги Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына тиешелүү № 97632 аскер бөлүгүнөн 12 адам, № 7412 аскер бөлүгүнөн бир кишиден кургак учук аныкталды. Буга чейин өткөн жылдын декабрында бир аскер кызматкери кургак учук менен ооруп, бизде дарыланып, эми ооруканадан чыкканы жатат. Жалпы 13 аскерден кургак учук чыгып, алар дарыланууда. Эң биринчи бейтап 2020-жылдын 21-декабрында түшкөн», — деп билдирген Баялиева.

Буга чейин февраль айынын аягында ыкчам кызматтын 7 аскери кургак учук жуктуруп алганы кабарланган.

2017-жылы кыргызстандыктар башка КМШ өлкөлөрүнүн арасында кургак учук оорусуна эки эсе көп кабыла турганы белгиленген. Ошондой эле, башка өлкөлөргө караганда Кыргызстанда балдар көбүрөөк оорушат, алар болгондо да бул илдетти чоңдордон жуктурушат. Башкача айтканда өлкөдө кургак учук менен ооруган ар бир сегизинчи бейтап — жаш бала.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылы кургак учук менен 5616 адам катталган. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги 2018-жылы кургак учуктан дарылангандардын саны 7324кө жеткенин билдирген.