Борбордук шайлоо комиссиясы 14-мартта Айбек Осмоновго депутаттык мандатты тапшырды. Осмонов «Бир Бол» фракциясынан 28-февралда каза болгон депутат Алмазбек Акматовдун ордуна келди.
Жаңы депутат жана анын бир тууганы Нурбек Осмонов «Каганат Инвест» холдингине ээлик кылат — анын ичинде «Ихлас» («Кыргыз Каганат») курулуш компаниясы, Оштогу электромобил чыгаруучу «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» бар.
Мындан сырткары Айбек Осмонов өткөн парламенттик шайлоодо 24 пайыздан ашуун добушка ээ болгон «Мекеним Кыргызстан» партиясын негиздеген. Бирок бул партия шайлоонун астында Матраимовдордун үй-бүлөсүнө жана тарапташтарына өтүп кеткен. Учурда партиянын негиздөөчүсү катары он адам көрсөтүлгөн, ал эми аны Матраимовдордун тарапташы, депутат Мирлан Бакиров жетектейт.
Кийинчерээк Осмонов «Ыйман Нуру» партиясын негиздеген, бирок анын тизмесинен да чыгып, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан.
Ошол кезде «Ыйман Нуру» партиясынын теңтөрагасы Чыңгыз Макешов буга экс-бажычы Райымбек Матраимовдун Осмоновго карата жасаган басымы себеп болгонун айткан.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияга айыпталып кармалган. Ал эми 11-февралда сот аны күнөөлүү деп табып, 260 миң сом айып салган. Буга чейин ал мамлекетке келтирилген 2 млрд сомдук зыянды ордуна келтирген — анын ичинде 1,4 млрд сом, тогуз батир жана соода борбору бар.
Кийинчерээк журналисттер бул батирлерди таап, Матраимов аларды мамлекетке өткөргөнгө чейин бир нече күн калганда сатып алынганын аныкташкан.
Матраимов 18-февралда «кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» шектелип кайра кармалган. Бирок бир аптадан кийин ал ден соолугу начарлап, «Бикард» жеке клиникасына жаткырылган.