«Бир Бол» партиясынын депутаты Алмазбек Акматов дүйнө салды

Алмазбек Акматов

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 56 жашында каза болду. Бул тууралуу «Бир Бол» саясий партиясы билдирди.

«Кесипкөй адистен, ишенимдүү достон, салмактуу саясатчыдан айрылган кесиптештери Алмазбек Акматовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунда туулган. Маркум эмгек жолун 1982-жылы СССРдин куралдуу күчтөрүндө баштап, 1992-жылы «Торугарт-Транзит» кыргыз-кытай ЖЧКсын жетектеген. Ал эми 2001-2007-жылдары ал Мергенчилик ресурстарды көзөмөлдөө башкармалыгы, жаратылышты коргоо фонду жана президенттик аппаратта иштеген.

2007-2012-жылдары Акматов Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси болгон. Кийинчерээк, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ал «Бир Бол» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

Ал эми 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ал «Замандаш» партиясынын тизмесинде 13чү орунда болгон. Акматовдун артында аялы жана беш баласы калды.