«Азаттык» 10-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилиги ажылыкка чогултулган каражаттар тууралуу иликтөөнү жарыялады. Аталган иликтөөдө журналисттер муфтият бир нече жылда ири өлчөмдөгү каражаттарды компанияларга жана жеке адамдарга каржылык жардам катары берип салганынын аныктады.

Ошондой эле дин башкармалыгынын жетекчилигинде «Биримдик» партиясы менен байланышы барлар бар экени ашкереленди.

«847 миң доллар жетпей жатат»

Сауд Арабия падышалыгы 2020-жылы ажылык кылуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 6 миң квота бөлүп берген — анын 500ү ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын өкүлдөрүнө берилген. Калган 5 500 киши 3 350 доллардан берип, чогулган каражаттардын жалпы суммасы 18 млн 400 миң долларга жеткен.

Ал эми коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, ажылык сапар токтотулуп калган. Муфтияттан болсо ажылыкка барчуулар кийинки жылы сапардан баш тартышса акчалары кайтарылып берилет деп билдиришкен.

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбаев 5 500 кишинин арасынан 2000ге жакыны акчаларын кайтарып алганын билдирген. Мындан тышкары кезекте турган кишилердин да каражаттары бар деп айткан. Алар 500 доллардан беришкен. Ошонун баарын эске алганда эсепте 16 млн доллар болушу керек дейт.

«Мен аталган акчалар боюнча отчёт берилишин талап кылгам. Эки жолу муфтиятка жазгам, бирок жооп ала алган эмесмин. Мага бухгалтер ооруп жатат дешти. Негизинен банктагы каражаттарды жүгүртүү мыйзамга да шариатка да туура келбейт», — деген ал 11-февралда.

КМДБнын каржылык иштерин текшерген аудитор Деңиз Бекишов кассага 847 миң АКШ доллары жетпей турганын айтты.

«Андан сырткары мурдагы калган акчаларды кошкондо — бир миллиондон ашып кетет. Эгерде ажылар келип бардыгы өзүнүн акчаларын талап кыла турган болсо муфтияттын акчасы жетпей калышы мүмкүн», — дейт Бекишов.

«Биримдик» менен байланыш

Текшерүү учурунда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилиги 2020-жылдын 18-августунда «Налоговой представитель» ЖЧКсына 155 млн сом «каржылык жардам» катары которгону аныкталган. Келишимге ылайык, каражаттар 2020-жылдын 31-декабрында кайтарылып, анын үстүнө 14 млн сом «сый акысын» каралган. Компания аталган каражаттарды 2020-жылдын 21-октябрдан тарта кайтара баштаган, бирок карыз толугу менен 21-январда төгүлгөн.

«Ошол 14 млн келишим боюнча кириш керек болчу. Азыр ошону күтүү турат да. “Налоговый представитель” өзүнүн милдетин аткарат деген ниеттебиз», — деди муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов.

Мындан сырткары Нурдинов ажылыкка чогултулган акчалардын 1 млн 300 миң доллары банкка депозитке салынганын айтып, анын пайдасын ким көрүп жатканы белгисиз экенин билдирди. Ошондой эле бул аракет шариат жагынан «арам», бирок мыйзамга туура келе турганын кошумчалады.

«Азаттыктын» журналисттери муфтият «Налоговый представитель» компаниясына акча которуу үчүн ажылыкка каралган 1 млн 989 миң долларды сомго айлантканын эсептеп чыгышты — анда бир доллар дээрлик 78 сомго тете болгон. Ал эми «Налоговый представитель» карызды толугу менен кайтарганда доллардын курсу дээрлик 85 сомду түзгөн — бул деген муфтият 13 млн сомго чукул каражат жоготту дегенди билдирет.

«Налоговый представитель» ЖЧКсына Нурлан Чыныбеков аттуу киши ээлик кылат. Өткөн жылы болгон парламенттик шайлоодо Чыныбеков «Биримдик» партиясынын эсебине «ыктыярдуу кайрымдуулук» катары 200 миң сом которгонун көрсөтүлгөн. Жалпысынан «Биримдикке» 163 киши 32,6 млн сом чогулткан.

Анткен менен Чыныбеков саясий партиянын эсебине акча которбогонун айтууда.

«Эч нерсе которгон жокмун. Бухгалтер паспортумду сураганынан бир-эки жолу бергенмин, бирок мен эч нерсени төлөгөн эмесмин [...] “Биримдиктин” бухгалтери эмес, муфтияттын бухгалтери Жеңиш [Бекиев] акеге бергенмин», — деди Нурлан Чыныбеков.

Буга чейин президент Садыр Жапаров КТРКга курган маегинде муфтияттын жетекчилиги жалпысынан 7,7 млн долларын сомго айлантырып, анын бөлүгүн — 155 млн сомду — фирма аркылуу парламенттик шайлоого катышкан партиянын чыгымдарына иштеткенин айткан. Бирок Жапаров ал кайсы партия экенин ачыктаган эмес.

Мурдагы муфтийдин бизнес-өнөктөштөрү

Юстиция министрлигинин базасында Максатбек Токтомушев «Центрально-Азиатская компания по туризму и торговле» жана «РИБХ» компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн. «РИБХ» компаниясынын дагы бир негиздөөчүсү Каныбек Туманбаев — «Биримдик» партиясынан парламенттик шайлоого катышкан. «Азаттык» Туманбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун ишенимдүү адамы болгону билдирди.

Ал эми «РИБХ» компаниясынын директору катары Баатырбек Жантаев көрсөтүлгөн — ал «Кыргыз темир жолу» ишканасынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси.

*Жантаевдин аты буга чейин «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын тендерлерине байланыштуу журналисттик иликтөөдө да аталган.

Жантаев буга чейин муфтияттан эки жолу каржылык жардам алган: биринчи жолу 2019-жылдын 18-мартында 400 миң доллар алып, беш айдан кийин кайтарып берген. Ошол эле жылы 24-декабрда Жантаев муфтияттан 700 миң доллар алган — бирок бул каражаттар кайтарыла элек.

Мындан сырткары Жантаев «БКС курулуш фирмасына» жана «Блэк Стар Бургер» ЖЧКларынын негиздөөчүлөрүнүн катарында бар. Парламенттик шайлоого чейин курулуш компаниянын директорлук кызматында «Биримдиктин» мүчөсү Каныбек Туманбаев болгон. Ал эми Токтомушев 2019-жылы «Блэк Стар Бургердин» ачылыш аземине катышкан.

Сүрөт: «Кабар» басылмасы

Ошондой эле «Азаттык» муфтият буга чейин да жеке адамдарга акча бергенин ачыктады:

  • 2019-жылдын 27-декабрында Жалалидин Акылбаев — 200 миң доллар;
  • 2020-жылдын 22-январында — Абдубуркан Жээнбеков 165 миң сом;
  • 2020-жылдын 27-февралында — Тазабек Жусубалиев 150 миң сом;
  • 2020-жылдын 11-мартында — «Тали Эйр» ЖЧКсы 300 миң сом.

Аталган каражаттар бүгүнкү күнгө чейин кайтарыла элек.

«Көптөгөн башка фирмаларга, жеке адамдарга акча мындай бериле берген. Жетекчинин жана бухгалтердин кол коюуга укугу бар. Бардык каржылык ишмердүүлүккө экөөнүн колу болмоюн ал каржылык кагаз ишке жарабайт. Ошондуктан Максат Токтомушевдин колу жок банктан алып чыгып кете албайт эле бул сумманы», — деди аудитор Деңиз Бекишов.

«Фарватер»

Муфтият эң көп «каржылык жардамды» «Фарватер» ЖЧКсына көрсөткөн: 2017-2020-жылдары бул компаниянын эсебине 115 млн 453 миң сом жана 712 миң доллар которулган. Ал эми 25-декабрга карата «Фарватердин» муфтиятка 152 миң доллар карызы бар болгону көрсөтүлгөн.

Аталган компаниянын ээси Жантөрө Турдубаев муфтияттын бухгалтери Жеңишбай Бекиев менен «Тоготой Ынтымак коому» бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Мындан сырткары аталган коомдук бирикмени түптөгөндөрүн арасында УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Жакыпбек Байымбетов дагы бар.

Журналисттер мурдагы муфтий Токтомушев, «Фарватердин» негиздөөчүсү Турдубаев, муфтияттын эсепчиси Бекиев жана УКМКнын мурдагы төрага орун басары Байымбетов Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болушканын ачыкташты — бул экс-президент Сооронбай Жээнбековдун дагы кичи мекени.

«Муфтияттын дагы каржылык, ажылык уюштуруу маселелерин дайыма президенттин тегерегиндеги кишилердин көзөмөлүндө болуп келген да. Мурда Икрамжан Илмияновдун аты көп аталчу, кийин Асылбек Жээнбековдун аты көп аталды. Эмне үчүн Асылбек Жээнбековдун аты аталат? Анткени Жеңишбай Бекиевдин бир тууган иниси… азыр атын унутуп жатамын...ошол бала Асылбек Жээнбековдун депутат кезинде жардамчысы болуп иштеген», — деп билдирди журналист Кубатбек Айбашов.

Ал эми экс-президенттин жактоочусу Жыргалбек Бабаев «Кара-Кулжалыктардын баарына Жээнбековдор жооп бере албайт» деп, кандайдыр бир фактылар болсо тергөө органдарына кайрылууну сунуштады.

Муфтияттагы каржылык мыйзам бузуулар

Муфтияттын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиев 10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине 100 миң доллар «пара берип жаткан» учурда кармаган — бул каражаттар муфтияттагы каржылык бузууларды жашыруу үчүн берилгени айтылган. Ошол эле күнү атайын кызмат мурдагы муфтий Токтомушевди дагы кармап, бирок эки күндөн кийин ал үй камагына чыгарылган.

Кийинчерээк Токтомушев кайрылуу жасап УКМКнын кызматкерлери андан «пара опузалаганын» айтып чыккан.

Ал эми 6-мартта «Аудит Максат» ЖЧКсынын аудиторлору Деңиз Бекишов жана Кенжебек Эсенов муфтият 2017-2020-жылдары ажылыкка чогултулткан каражаттарды иштетүүдө жетекчилик тарабынан одоно бузуулар болгонун айтып чыгышкан. Мындан сырткары алар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын бухгалтердик эсептери эл аралык стандарттарга жооп бербешин билдиришкен — ал «жөнөкөй мемориалдык ордер» менен жүргүзүлөт.

Бирок аудиторлорго карата арыз түшкөнүнө байланыштуу текшерүүнүн жыйынтыгы токтотулган. Аудиторлор муфтияттын мурдагы кызматкерлери болгону, мындан улам бул кызыкчылыктардын кагалышы болгону айтылган.