Максатбек Токтомушев: «Пара берип аткандай кылып айыптап көрсөтүү бул — шантаж»

Экс-муфтий Максатбек Токтомушев 

Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев 23-февралда коомчулукка видеокайрылуу жасады. Анда ал УКМКнын кызматкерине пара берүүгө атайын кызматтагылар өздөрү мажбурлаганын билдирди.

Токтомушевдин айтымында, УКМкнын кызматкерлерине акча берүүнү муфтияттын эсепчисине өзү айткан. Анткен менен бул «пара берүү эмес» болчу дейт ал. Анткени бухгалтердин оорулуу экенине карабай атайын кызматтын тергөөчүлөрү бухгалтерди беш саат бою суракка алган учурлар болгонун белгилеп, бул кадамга эсепчинин ден соолугунан кооптонгону үчүн баргандыгын айтты.

«Интернеттеги менин дарегиме тиешелүү видеону таркап кеткени бул чоң бир окуянын кичинекей үзүндүсү. Ошол жерде мени пара берип аткандай кылып айыптап көрсөтүү бул — шантаж. Мында тескерисинче УКМКнын кызматкерлери пара алууга мажбурлоо деп эсептелет», — дейт экс-муфтий.

Ошондой эле, Токтомушев муфтияттагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча тергөө аяктаганда баарын ачыктай турганын айтып, «кыргыз эли буга ишенбейт» деп белгиледи.

«1 млн 300 миң доллар депозитке коюлган деп коркутуп, провокация кылып, “маселени биз чечип беребиз, чоңдор менен сүйлөштүк. Алар макулдугун берди. Өтө көп акча экен. Азирети муфтий, сиз өзүңүз канча бересиз?” деген талаптар менен бухгалтерибизди коркутуп, түнкү 12ге чейин УКМКда кармап туруу жакшы эмес, туугандар», — дейт Токтомушев.

Мындан улам депозитке коюу шариятка туура келбегендиктен мурдагы муфтий эсепчисине акчаны кайтарып берүү жагын өзү сунуштаганын билдирген. «Муфтий катары менин милдетим мусулмандардын абийирин сактоо жана арам нерселерди кайтарып берүү болчу» деп сөзүн жыйынтыктаган сөзүн ал.

Эсепчини кармоо боюнча тараган видеотасма

Буга чейин социалдык тармактарга УКМК тарабынан муфтияттын башкы эсепчиси Жеңишбек Бекиевдин кармалганы жана экс-муфтийдин ыктымал опер кызматкер менен акча тууралуу сүйлөшүп атканы боюнча видео тараган.

Видеодо Токтомушев эсепчиси аркылуу 100 миң АКШ долларын берери тууралуу айткан. Аталган тасмада алгач 70 миң долларын берип, эртеси күнү калган сумманы толуктоо боюнча сүйлөшүү жүргөн. Экс-муфтий акчанын ордуна текшерүүнүн жыйынтыгында «акча жайында, эч кандай зыян келтирилген» эмес деген маалымкат сураганын угууга болот.

«Менин өзүмө тиешелүү бизнестерим толтура. Мурунтан эле билесиңер да. Ошого курстагы айырманы эсептегенде ага тыйын деле калган жок. Жеңиш акеге [муфтияттын эсепчиси — ред.] 70и даяр болот деп айтып койдум. Анан силерден документ качан даяр болот? Каржылык мыйзам бузуу болгон эмес деген маалымкат берсеңер сөзсүз», — деп айткан Токтомушев.

Андан кийинки тасмада ыктымал Бекиев желим баштыкка салынган жети байлам АКШ долларын берип жатканда УКМК тарабынан кармалганын байкоого болот.

Муфтияттагы каржылык мыйзам бузуу

10-февралда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси УКМКнын кызматкерине «пара берип» жатканда кармалган.

УКМКнын маалыматына ылайык, дин башкармалыгында мыйзамсыз иштер аныкталгандан кийин муфтияттын жетекчилиги бухгалтер аркылуу атайын кызматтын өкүлдөрүнө 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө «пара» сунуштап, бухгалтер ошол учурда кармалган.

Аталган факт «Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» беренеси менен катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан соң Токтомушев муфтийликтен кетүү үчүн арызын жазган.

Ошол эле күнү кечинде УКМК Токтомушевди «муфтияттагы каржылык мыйзам бузууларга катыштыгы бар» деп кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизгени белгилүү болгон.

Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Токтомушевдин тарапташтары соцтармактарда нараазычылыгын билдиришкен. Ал эми 11-февралда экс-муфтийдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына митингге чыгып, Токтомушевди үй-камагына чыгарууну талап кылышкан.

Эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту мурдагы муфтийди жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен үй камагына чыгарган.

Ал эми 14-февраль күнү Токтомушев видеокайрылуу жасап, «аны чет өлкөгө качып кетти» деген маалыматтарды таратпоого жана «президент Садыр Жапаровдун саясатын колдоого» чакырган.

Тема боюнча:

«Садыр Нургожоевич батасын берген». Муфтийди алмаштырууга президент өзү макулдугун бергенби?