«100 миң доллар». УКМК муфтияттын бухгалтерин «пара берип жаткан» учурда кармады

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси УКМКнын кызматкерине «пара берип» жатканда кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, буга чейин муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар берген каражатты жеке каржы мекемелерине 100 млн сомдон ашуун суммадагы насыяларды бергендиги аныкталган. Ошондой эле, жетекчилик ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алып, аны жеке максаттарына жумшаганы кабарланды.

УКМКдан билдиришкендей, аталган мыйзамсыз иштер аныкталгандан кийин дин башкармалыгынын жетекчилиги эсепчи аркылуу атайын кызматтын кызматкерлерине «пара» сунуштаган.

«Дин башкармалыгынын жетекчилиги фактыларды жашыруу жана кошумча тергөө иштерин токтотуу үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштады», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат шектүүнү «Ж.Б.» инициалдары менен берген. Буга КМДБнын башкы бухгалтери Бекиев Жеңишбай Мелисович туура келет.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» беренеси менен катталды. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин 12-январда УКМК Социалдык фонддун Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ызабек Исламбекти «Пара берүү» беренеси менен кармаган. Ал күч органынын өкүлүнө пара берип жаткан учурда колго түшкөн. Маалыматка ылайык, Исламбек сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерине 70 миң пара сунуштаган.