«Акнеттин» аткаруучу директору «Мегакомго» башчы болуп келди

«Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун («Мегаком») башкы директору кызматына 16-мартта Азат Базаркулов дайындалды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады. Базаркулов буга чейин «Акнет» компаниясынын аткаруучу директору кызматын ээлеп келген. Ал «Мегакомго» экинчи жолу жетекчи болуп дайындалууда.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан мурдагы башкы директор Акылбек Жамангулов башка кызмат ордуна которулгандыгына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазганын белгилешти.

Ал «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору кызматына 2018-жылдын октябрь айында дайындалып, Базаркуловдун ордуна келген.

Азат Базаркулов деген ким?

Азат Базаркулов Фрунзе шаарында 1974-жылы туулган. Ал Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык факультетин аяктаган.

2011-жылдан 2012-жылга чейин ал «Мегакомдун» башкы директорунун биринчи орун басары жана тыштан башкаруучусу болгон. 2012-жылы ал бул байланыш операторунун башкы директору болуп дайындалган. Бирок, 2018-жылдын октябрь айында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.