Баткен: чек араны мыйзамсыз кесип өткөн тогуз кыргызстандык айыпка жыгылып бошотулду

Сүрөт: Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүгүнүн басма сөз кызматы

Тажикстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн Кыргызстандын тогуз жараны 14-мартта бошотулду.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алардын ичинде Баткен облусунун беш, Ош облусунун эки жана Бишкек шаарынын эки тургуну бар. Ошондой эле, бошотулган жарандардын мал-мүлкү, унаалары толугу менен кайтарылды.

«Бул жарандар Тажикстандын соту тарабынан соттолуп, аталган мамлекеттин мыйзамы боюнча айып пул төлөп, сот залынан коё берилди», — деп билдиришти ведомстводон.

Мындан сырткары, Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн кармалып турган Тажикстандын 15 жараны да Кыргызстандын мыйзамы боюнча жооп берери кошумчаланды.

Мындан бир ай мурун Баткен облусунун Баткен районунун үч тургуну жана Кадамжай районунун эки тургуну Тажикстандын мал базарына барып, Согди облусунун Кистакуз жерлигинен чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кармалгандыгы кабарланган.

Ошондой эле, Тажикстанда 9 кыргызстандык, ал эми Кыргызстанда 15 тажикстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү боюнча кармалып тургандыгы маалымдалган.

Кийинчерек 22-февралда Баткен районунун 100дөй тургуну Тажикстанда кармалган айылдаштарын бошотууга көмөк сурап облустук администрациянын алдына чогулган.

Чогулгандар менен Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев жана Баткен районунун акими жолуккан. Алар чогулгандарга укук коргоо органдары менен биргеликте тажик тарап менен кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтышкан.

Мындан сырткары, УКМКнын басма сөз кызматы кармалгандар Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз түрдө 900 кг металл, 2 баш бодо мал жана 3 баш майда малдарды ташып кетүүгө аракеттенген маалда кармалган деп кабарлашкан. Ошондой эле, аларга карата Тажикстандын күч түзүмдөрү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жаткандыгы айтылган.

Ал эми кармалган тургундун бир тууганы Нурзаман Орозов «Клоопко» анын жакындары мал базарга баратып кармалып калгандыгын айтып, бирок темир сатуу менен алектенбегенин билдирген.

Тема боюнча:

Баткендиктер Тажикстанда кармалган 5 тургунду бошотууга жардам сурап жатышат

УКМК: Тажик тарап кыргызстандыктарды барымтага алган эмес

Мигранттар президенттен Тажикстанда кармалган кыргыз жарандарын кайтарууну суранып жатышат