Мигранттар президенттен Тажикстанда кармалган кыргыз жарандарын кайтарууну суранып жатышат

Орусиянын Москва шаарында эмгектенген 20дай мигрант Баткен облусунда 16-февралда тажикстандык чек арачылар тарабынан кармалган айылдаштарын бошотууну суранып кайрылуу жасашты. Кайрылуу 1-мартта жарыяланып, ал президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жолдонгон.

«Арка айылынын мал базарына кеткен Дөөлөтбек Орозов, Сейитбек Матраимов, Сүйүн Бурканов мал алып кайткан жеринен Кыргызстандын аймагынан кармалышкан. 21-февралда эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү жолугуп, алмашуу жолу менен бошотуп алабыз дешкен, бирок дагы эле алар чыга элек», — деди мигранттардын бири.

16-февралда Баткен районунун үч тургуну жана Кадамжай районунун эки тургуну Тажикстандын мал базарына барып, Согди облусунун Кистакуз жерлигинен чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кармалгандыгы кабарланган.

Кайрылуу жасаган мигранттардын дагы бири аларды айылдаштары качан бошотуулаары тууралуу бийлик өкүлдөрүнөн так маалымат берүүнү суранган. Ошондой эле, алардын жакындары туугандарынын абалдары боюнча тынчсызданып жаткандыгын айткан.

«Баткен облусунун жетекчисинин орун басары журналисттерге кармалган жарандардын ата-энелери алардан кабар алып жатышат деп берген маалымат чындыккан дал келбейт. Кармалгандар менен же туугандары, же ата-энелери байланыша албай кыжалат болуп, ыйлап, барбаган жери, какпаган эшиги калбады. Ушуну тезирек чечип берүүңүздөрдү өтүнөбүз», — деген ал.

Ал эми Баткен районунун тургуну Нурзаман Орозов агасы менен туугандары байланыша албай жатышканын ырастады. Ал — кармалгандардын бири Дөөлөтбек Орозовдун бир тууган иниси.

«Кармалган жарандардын үчөө тең менин жакындарым болот. Алар мал сатуу менен иш кылып жүрүшкөн, бирок эч качан темир менен иш кылышкан эмес. Агаларым чыкса дагы чындыкты билебиз. Тажик тараптын темир менен кармалды, тажик тараптан кармалды деп берген маалыматы туура эмес», — деди Орозов.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова кармалгандар менен жакындары жолугуша электигин тастыктады.

«Облус жетекчиси буга чейин “кармалгандардын жакындарына кабар алууга мүмкүнчүлүк түзүп беребиз” дегени туура, бирок эки өлкөнүн күч түзүмдөрү 22-февралда жолугушуп, алмашуу жолу менен кайтарабыз деп сүйлөшүлгөн үчүн жолугушуу болбой калган», — деди ведомстводон.

Мындан сырткары, Бердикулова учурда кармалган кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр улантылып жаткандыгын кошумчалады. Анын айтымында, Тажикстанда 9 кыргызстандык, ал эми Кыргызстанда 15 тажикстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү боюнча кармалып турат.

«Кармалгандардын ар биринин мыйзам бузуулары ар түрдүү болгон үчүн, алмашуу жолу менен өз өлкөсүнө кайтаруу тууралуу орток пикирге келүү процесси жүрүп жатат», — деп түшүндүрдү Бердикулова.

Мал базарга барып кармалгандар

Буга чейин 22-февралда Баткен районунун 100дөй тургуну Тажикстанда кармалган айылдаштарын бошотууга көмөк сурап облустук администрациянын алдына чогулганы кабарланган.

Чогулгандар менен Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев жана Баткен районунун акими жолуккан. Алар чогулгандарга укук коргоо органдары менен биргеликте тажик тарап менен кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтышкан.

Ошондой эле, кармалгандар жол таппай, адашып калып, мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн, Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалгандыгын маалымдашкан.

Мындан сырткары, эки тараптын тең тургундары кайсыл аймакта мыйзам бузуп кармалса, ошол мамлекеттин мыйзамына ылайык жооп берүүгө туура келери кошумчаланган.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы кармалгандар Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз түрдө 900 кг металл, 2 баш бодо мал жана 3 баш майда малдарды ташып кетүүгө аракеттенген маалда кармалган деп кабарлашкан. Ошондой эле, аларга карата Тажикстандын күч түзүмдөрү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жаткандыгы айтылган.

Тема боюнча:

Баткендиктер Тажикстанда кармалган 5 тургунду бошотууга жардам сурап жатышат

УКМК: Тажик тарап кыргызстандыктарды барымтага алган эмес