Пара берүүгө айыпталган муфтияттын башкы эсепчиси үй камагына чыгарылды

Бишкек шаардык сотунан «Клоопко» Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиев 11-мартта үй камагына чыгарылганын билдиришти.

Бекиев 9-февралда УКМК тарабынан «Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» беренеси менен кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, муфтияттын жетекчилиги жарандар ажылыкка баруу үчүн төккөн акчаны үстөк пайызы менен насыя берүүгө жумшаган. 

«Ушул каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин, КМДБ жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтоткону үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Биринчи май райондук соту 12-февралда Бекиевдин баш коргоо чарасын карап 10-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган болчу.

УКМКнын кызматкерлери дин башкармалыгынын башкы эсепчисинен тышкары, экс-муфтий Максат ажы Токтомушевди дагы кармашкан. Токтомушев зыяратчылардын акчасын колдонуу чырынын шартында кызматынан кеткен.

Сот 12-февралга караган түнү экс-муфтийди үй камагына кетирүү чечимин чыгарган. Кийинчерээк Токтомушев кайрылуу жасап УКМКнын кызматкерлери андан «пара опузалаганын» айтып чыккан.

Ал эми 6-мартта «Аудит Максат» ЖЧКсынын аудиторлору Деңиз Бекишов жана Кенжебек Эсенов муфтият 2017-2020-жылдары ажылыкка чогултулткан каражаттарды иштетүүдө жетекчилик тарабынан одоно бузуулар болгонун айтып чыгышкан. Мындан сырткары алар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын бухгалтердик эсептери эл аралык стандарттарга жооп бербешин билдиришкен — ал «жөнөкөй мемориалдык ордер» менен жүргүзүлөт.

Бирок аудиторлорго карата арыз түшкөнүнө байланыштуу текшерүүнүн жыйынтыгы токтотулган. Аудиторлор муфтияттын мурдагы кызматкерлери болгону, мындан улам бул кызыкчылыктардын кагалышы болгону айтылган.

«Азаттык» 10-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилиги ажылыкка чогултулган каражаттар тууралуу иликтөөнү жарыялады. Аталган иликтөөдө журналисттер муфтият бир нече жылда ири өлчөмдөгү каражаттарды компанияларга жана жеке адамдарга каржылык жардам катары берип салганынын аныктады. Ошондой эле дин башкармалыгынын жетекчилигинде «Биримдик» партиясы менен байланышы барлар бар экени ашкереленди.

УКМК карызга берилген акчанын суммасы 100 млн сомдон ашышы мүмкүн деп билдирген. КМДБнын каржылык иштерин текшерген аудитор Деңиз Бекишов муфтияттын эсебине 847 миң АКШ доллары жетпей турганын белгилеген.

Тема боюнча: Муфтияттагы миллиондор. Ажылыкка делген акчалар кайда жумшалган?