Баткен ОИИБдин эки кызматкери «адам өмүрүнө кол салууга» шектелип жатат

Сүрөт: Turmush

Баткен ОИИБдин кызматкери «адам өмүрүнө кол салууга» шектелип кармалды. Бул тууралуу 15-мартта ИИМдин басма сөз катчысы Адинай Шаршеева билдирди.

Шаршееванын айтымында, аталган иш боюнча Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын ЖКККБнын башчысы да шектелүүдө. Учурда аны кармоо боюнча чаралар жүрүп жатканы маалымдалды.

ИИМдин маалыматы боюнча эки кызматкер тең милициянын подполковниги.

Учурда аталган факты боюнча ИИМ сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин, 10-мартта, Ош шаарынын №1 милиция бөлүмүнүн жетекчиси пара опузалоого шектелип кармалган. Маалыматка ылайык, шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси үзгүлтүксүз түрдө базар ишкерлеринен 6 миңден 7 миңге чейин акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуп жүргөн.