Мамкаттоо менен Капалованын тиреши: Иш Октябрь райсотуна өттү

Жазуучу Алтын Капалова балдарынын туулгандыгы туурауу күбөлүктөрүндө «атасынын аты» деген графада өзүнүн атын жаздырышы боюнча сот иши Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүлөт. Бул тууралуу адвокат Евгения Крапивина «Клоопко» билдирди.

Анын айтымында, 17-мартта сот отуруму болуп, анда сот Капалованын ишин Октябрь райсотуна өткөрүп берүү чечимин кабыл алган. Анткени ал ушул тапта аталган райондо жашайт.

Крапивина бул процесс 10 күн аларын, сот иштери эки жумадан кийин гана башталарын белгиледи.

25-февралда Свердлов райондук сотунда Капалованын өз балдарынын документтеринде атасынын атынын ордуна өзүнүн атын жаздырганы боюнча иш каралмак болчу, бирок судья семинарга кетип калганына байланыштуу сот отуруму 4-мартка которулган. Судья ооруп калгандыктан 4-мартта да сот отуруму болгон жок.

Капалованын үстүнөн доо

Балдар жазуучусу жана активист Алтын Капалова үч баласына өзүнүн фамилиясын берип, «атасынын аты» деген графада өзүнүн атын жаздырган. Бул себептен 28-январда Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаменти анын үстүнөн сотко доо арызын берген.

Фамилияны жана атасынын атын алмаштырууну жокко чыгаргандан тышкары, МКК Капаловадан сотко доо арыз берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөтүүнү өтүнүп жатат.

МККнын уюштуруу-коммуникациялык бөлүмүнөн Департаментке жазган кызматтык каты жазуучунун үстүнөн берилген доо-арызда сотко кайрылуунун негизи катары көрсөтүлдү. Бул катта Капалова «Фейсбук» социалдык тармагында 19-январда калтырган жарыясына шилтеме көрсөтүлдү. Ал бул жарыясында өз балдарына өз фамилиясын бергенин жана атасынын атынын ордуна өзүнүн атын жаздырганын жалпыга ачык кылып билдирген.

«Бул билдирүүгө байланыштуу МККга балдарга атасынан ордуна энесинин атын берүүнүн мыйзамдуулугу боюнча суроолор түшө баштаган», — деп жазылат доодо.

МККнын департаменти болсо Капалова мындай жол менен «Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү» мыйзамды бузганын билдирди. Мыйзам боюнча атасынын аты атанын же багып алган адамдын, өгөй атасынын же чоң ата, таятасынын атынан жазылууга тийиш.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директорунун орун басары Галлия Аманова МККнын кызматкерлери Капалованын балдарына жаңы документтерди берүүдө «катачылыкка жол беришкенин», ал эми документтерди кайра каттоо ишин жасаган кызматкер тартиптик жазага тартыларын билдирген.

Капалова болсо балдарынын биологиялык аталары документтерин бербей, ал тургай алимент төлөбөстөн эле «көз каранды кылып багындырууну» улантууну самап жаткандыктан өзүнүн атын бергиси келгенин айтат.

«Мыйзам бузган жокмун, мен патриархалдык көндүмдөрдү буздум. Сен менден жана балдарымдын ысымга жана фамилияга болгон негизги укугун тартып ала албайсың. Мен патриархаттын көчүгү күйүп жатканын түшүнүп түрам. Бирок эми гендердик теңчиликке карай кадам шилтей баштасак кантет?» — деп сунуштаган Капалова.

Эгер сот МКК департаментинин доо-арызын канааттандырса, Капалова апелляция менен эл аралык сотторго кайрылууга ниетин билдирген.