Фарид Ниязов тергөө абагында 13-апрелге чейин отурат

Бишкек шаардык соту 18-мартта президенттин аппаратынын мурдагы жетекчисин Фарид Ниязовду камакта калтырды. Ал Бишкек шаарынын борбордук аянтында 9-октябрда орун алган башаламандыкты уюштурууга шектелүүдө.

Ниязов 13-апрелге чейин тергөө абагында болот. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Ниязов бул иш боюнча камакта калган жалгыз киши экенин «Азаттыкка» билдирди.

«Ниязов кармалгандан бери бир гана тергөө иш-чарасы — сурак жүргүзүлгөн. Ошондон бери ал тергөө абагында жөн эле кармалып турат, сот качан болору белгисиз. Ошол эле учурда Ниязов ооруп жатат, мартта дарыгерлердин кеңешмеси өткөрүлгөн, алар “жогорку тобокелдиктеги 3-стадиядагы гипертониялык оору” деген корутунду чыгарышкан» — деди Жолдубаева.

Ниязовдун адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, өкмөт бекиткен тизмеге ылайык, мындай ооруга чалдыккан жарандарды камакта кармоого тыюу салынат.

«Саясий чечим»

Ниязов өзү шаардык сот аны камакта калтырышын саясий чечим деп атады. Жолдубаева өзүнүн фейсбук барагында саясатчынын кайрылуусун жарыялады.

Фарид Ниязов: "Следствие держит меня в СИЗО и выгораживает провокаторов". Решение городского суда об оставлении...

Опубликовано Kunduz Zholdubaeva Среда, 17 марта 2021 г.

«Судьялар да, прокурорлор да, тергөөчүлөр да өз алдынча мындай акылга сыйбас чечимди чыгара алышпай болчу. Адвокаттар бизде айып жок экенин, ЖМК аркылуу дагы далилдеп жатышат.

Буга карабастан, тергөө мени дагы эле абакта мыйзамсыз кармап жатат, ошол эле кезде 2020-жылдын 9-октябрында Ала-Тоо аянтында адамдарды ур-токмокко алуунун уюштуруучуларын жана чагымчылдарды калкалап жатат.

Беш ай бою унчукпай жүрдүм, ЖМКларга чыгып сөз айткан жокмун. Мен бул убакыт ичинде Ала-Тоо аянтында 9-октябрда болгон тынчтык митингинде катышуу үчүн темир тор артында кармалып жаткан жалгыз кишимин.

Жергиликтүү саясатчылардын маектеринен белгилүү болгондой, Сооронбай Жээнбеков тынчтык митингине кол салган чагымчылдардын иш-аракетин координациялаган, ал муну мойнуна алып жатат», — деп анын кайрылуусунда айтылат.

* Ниязов бул жерде 9-октябарда митингдер өтүп жатканда чыккан башаламандыктын артында экс-президент Сооронбай Жээнбеков турары тууралуу Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаевдин пикирлерин айтууда. Октябрь окуяларынын жыйынтыгы менен бийликке келген УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жооп катары баарына Бабанов менен Текебаев күнөөлүү деп билдирген. Анын айтымында, бул эки саясатчы тең бийликти элдин колунан тартып алуу үчүн ошондо аянтка келип алышкан.

9-октябрдагы башаламандык

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыктары жарыялагандан кийин, 5-октябрда жарандар борбордук Ала-Тоо аянтына митингге чыгып, нааразылыгын билдиришкен. Ошол эле түнү митингчилер менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, жыйынтыгында Ак үй басылып алынган.

Митингчилер колониядан айрым саясатчыларды бошотушкан, алардын ичинде учурдагы президент Садыр Жапаров дагы бар болчу. Ал 2013-жылы Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алганы үчүн 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

6-октябрга караган түнү бошотулган саясатчылардын кээ бири 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан.

Анда нааразылык акциясы мушташ менен аяктаган, Садыр Жапаровдун тарапташтары Өмүрбек Бабанов, Алмазбек Атамбаев жана «УКТга каршы» тынчтык митингинин катышуучуларына кол салып, анын кесепетинен жети адам жабыркаган. Алардын арасында башынан жаракат алган жаш саясатчы Тилек Токтогазиев жана дагы бир саясий ишмердин жансакчысы да бар. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев белгисиз адам анын автоунаасына ок чыгарганын билдирген — инцидент камерага түшүп калган. 

Эртеси күнү, тагыраагы 10-октябрда, массалык башаламандыктар фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Атамбаев жана анын тарапташтары кармалган. Арасында Фарид Ниязов дагы болгон.