Ош мэриясы Нооруз майрамын белгилөөгө 553 миң сом коротууну пландап жатат

Нооруз майрамы. Ош шаары. 2019-жыл

Ош шаардык мэриясына караштуу Муниципалдык менчик башкармалыгы 19-мартта Нооруз майрамына карата аянтты кооздоо үчүн тендер жарыялады. Шаардык бийлик майрамды өткөрүүгө 553 миң сом сарптоону пландап жатат.

Кызыгы конкурс 23-мартка чейин уланат, ал эми келишим түздөн-түз түлүлөт. Бирок Нооруз майрамы 21-мартта белгиленет.

Ош мэриясына байланышканыбызда майрамга карата канча каражат жумшалары тууралуу так маалымат бере алышкан жок.

Бир күн мурун мэриянын социалдык тармактардагы баракчаларында «Нооруз-2021» иш-чарасы өтөөрү маалымдалган. Анда концерттик программа, театралдашкан көрүнүштөр, боз үй тигүү жарышы болоору айтылган.

Ал эми Бишкекте Нооруз майрамына арналган иш-чаралар өткөрүлбөйт. Мындай чечим жарандар арасында коронавирус жуктургандардын саны күн сайын өсүп жатканына байланыштуу кабыл алынды.

Ош мэриясынан калаада эпидемиялогиялык абал туруктуу деп маалымдашты. Иш-чара өткөрүүгө Саламаттык сактоо министрилигинин макулдугу алынган дешти.

2020-жылы Жаңы жыл майрамын белгилөөгө Ош шаарынын бийлиги 700 миң короткон. Ал эми Бишкек мэриясы шаан-шөкөткө жана салютка делген каражатты аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө белек берүүгө жумшаган.