Биринчи май райсоту Абылгазиев менен Сегизбаевдин камагын эки айга узартты

19-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевди жана УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевди камакта кармоону дагы эки айга узартуу чечимин чыгарды.

Соттун чечими боюнча Абылгазиев 16-майга чейин, Сегизбаев 22-майга чейин УКМКнын тергөө абагында калышат.

Сегизбаев соттун отурум залынан чыгып бара жатып, сотто чогулган тарапташтарына «сынбай» турганын айтты.

«Чыдагыла. Бардын чындык бизде [...] Биз сынбайбыз, бул бийлик ойлоп жатат сынат деп, мен сынбайм эч качан», — деди ал.

Абылгазиев эмне боюнча айыпталууда?

Абылгазиев «Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 26-январда кармалган. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда, өзүнүн активдерин расмий кирешесинен алда канча чоң кылып, мыйзамсыз көбөйтүп алган. Бул байлыктарын бир жакка жумшаш үчүн, экс-премьер көп кабаттуу үйлөрдү куруу тармагына каржы салып, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгону айтылат.

Мындан тышкары, тергөөнүн версиясы боюнча Абылгазиев өкмөттү жетектеп турган кезде «Кумтор Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүү үчүн, «мамлекеттин кызыкчылыктарына кыянат кылып», кошумча жер бөлүп берген токтомго кол койгон. Жыйынтыгында Кумтөр алтын кенинин аянты эки эсе көбөйүп, 26,3 миң гектарга жетип калган. Ал аянтка мөңгүлөр менен корук жерлер дагы кирген.

Бирок буга жооп катары Кумтөр компаниясы кен казылган жердин аянты 2009-жылдан бери өзгөрбөй, 26,4 миң гектарды түзөрүн билдирген.

Сегизбаев эмне боюнча айыпталууда?

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев 25-январда «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча, Алмамбет Шыкмаматов жана «башка адамдардын» кайрылуусунун негизинде кармалган.

Алар Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерге аралашкан деп билдиришкен. Анын ичинде «Белизгейт» иши боюнча кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп маалымдашкан.

* 2016-жылы Сегизбаев УКМКны жетектеп турган кезинде президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген Конституцияга түзөтүүлөргө каршы чыккан «Ата Мекен» партиясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбект Шыкмаматов «Мегаком» байланыш операторунун акцияларына ээлик кылышканын билдирген. Сегизбаев далил катары Белиз өлкөсүнөн алынган делген документтерди көрсөткөн. Бул чуу тарыхка «Белизгейт» окуясы катары кирген. Депутаттар документтерди «өтө орой жасалмалоо» деп аташып, Сегизбаевди сотко да беришкен, бирок утулуп калышкан. Сегизбаевдин ордуна УКМКнын башчылыгына Идрис Кадыркулов келгенден кийин Белиздеги документтер атайын кызматка келбегени белгилүү болгон.

Сегизбаев кармалгандан кийин, башкы прокурор Курманкул Зулушев УКМКнын мурдагы жетекчисине карата алты кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирген.

Зулушев кайсы кылмыш иштери экенине токтолгон эмес, болгону иштердин бирөөсүнө байланыштуу мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева суракка алынганын кошумчалаган. Ал Сегизбаевдин кармалышы — саясий куугунтук эмес экенин да кошумчалаган.

Башкы прокурордун билдирүүсүнө жооп катары, Сегизбаевдин адвокаты Кантемир Турдалиев анын кардары алты эмес, бир гана кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилгенин айткан.

Адвокаттын «Белизгейт» тууралуу айтканы боюнча, документтерди Сегизбаевге мурдагы президент Алмазбек Атамбаев берген. «УКМКнын башчысы жана генерал катары ал түздөн-түз жетекчисининин жана жогорку аскер кол башчысынын буйругун аткарбай коё алмак эмес» жана ошол себептүү «кызматтык кызыкчылыгына каршы эч нерсе кылган эмес», деп Турдалиев кошумчалаган.

Адвокат Абдил Сегизбаевди эл өкүлдөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы дискредитациялоо менен аларды атайылап кылмыш жасаган деп айыптап, жаманатты кылган деп айыптоону негизсиз деп эсептейт, себеп дегенде саясатчылардын ар-намыс жана кадыр барктарын коргоо тууралуу Сегизбаевге карата жазган арыздары боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими бар.

Мындан тышкары, Сегизбаевдин иштеринин бири боюнча Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жылдыз Чодобаева да кармалган. Чодобаеванын жашы жете элек төрт баласы бар, бирок ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Чодобаеванын айылдаштары ага коюлган бөгөт чарасын өзгөртүүнү талап кылып митингге чыгышкан, бул маселе боюнча акыйкатчы Токон Мамытов да кайрылуу жасаган. Бирок Чодобаева дагы деле УКМК тергөө абагында.