УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» иши боюнча кармалды

Абдил Сегизбаев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын арызынын негизинде 14-январда «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

*Алмамбет Шыкмаматов — «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү, парламенттин экс-депутаты. 2020-жылдын 4-октябрында болгон парламенттик шайлоого ал «Бир Бол» партиясы менен катышкан. Ал эми 10-январда болуп өткөн кезексиз президенттик шайлоодо ал Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоп, анын Нарын облусундагы штабын жетектеген.

Арыз ээлери Сегизбаев УКМКнын жетектеп турганда «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаевди «Кыргыз Республикасынын элинин алдында дискредитациялоо менен аларды кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап айыптап, жаманатты кылгандыгын» айтышууда.

«Тактап айтканда, “Белизгейт” деп аталган иши менен УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы жана башка мыйзамсыз аракеттери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталган», — деп берилет Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Сегизбаев Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Буга чейин ал 7 сааттан ашуун сурак берип жатканы кабарланган.

Башкы прокуратура буга чейин Сегизбаевди «Коррупцияга» айыптаган — ал жакын туугандары менен 18,46 гектар айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин мыйзамсыз түрдө өз наамына өткөрүп алууга шектелип жатат.

Сегизбаев 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоого катышып, 1,46% добушка ээ болгон. Ал эми КТРКда өткөн теледебаттарда Сегизбаев талапкер Садыр Жапаров качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар экенин айткан.

Белизгейт

Өмүрбек Текебаев / Аида Салянова / Алмамбет Шыкмаматов

2016-жылы президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген Конституцияга өзгөртүүлөрдүн толкунунда оппозициячыл депутаттар коррупция боюнча айыпталган.

УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев президентке «ата мекенчилер» Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдордун «Мегакомдун» акцияларына ээлик кылышы ыктымалдыгын жана алардын байланыш операторунун 51 пайыз акциясын жүзөгө ашпай калган сатуу аракетине тиешеси бар экенин тастыган документти көрсөткөн.

Анда УКМКнын башчысы документтерди Белиздин расмий органдарынан алышканын жана анда болжолдуу кулатылган президент Курманбек Бакиевдин баласы Максимге тиешелүү Southfield Management Inc офшор компаниясы жөнүндө маалыматтар бар экенин айтып чыккан.

Бул компания «Мегаком» байланыш операторунун 51 пайыздан ашык акцияларына ээлик кылган, ал эми оппозициячыл депутаттар компаниянын 22 пайыз акциясына ээлик кылышы ыктамал болгон.

Southfield Management Inc акцияларды 50 млн доллардан ашуун суммага сатууну пландаган. Ал эми Сегизбаев Текебаев, Салянов жана Шыкмаматов «Мегакомдун» акцияларынын сатылышынан киреше ала алышмак деп ырастаган. Ошол эле учурда байланыш операторунун акциялары сатылбай калып, алар мамлекеттин пайдасы үчүн конфискацияланган.

«Расмий» документтердин алынышы тууралуу сюжеттер өлкөнүн башкы КТРК телеканалынан байма-бай көрсөтүлүп турган. Ал эми депутаттарга карата текшерүүлөр башталган.

Оппозиционерлер документтер «жасалма» деп ырасташып, ал эле эмес УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев менен президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнөвду сотко дагы беришкен. Бирок соттон утулуп калышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Белизгейттен кийин эки жыл. УКМК менен Сегизбаевдин айткандары дал келбей жатат

Белизгейт: «Ата Мекендин» депутаттары сотто УКМКнын башчысына утулуп калышты