Сегизбаев бийликтен Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызматкерин бошотууну суранды

УКМКнын экс башчысы Абдил Сегизбаев бийликке кайрылып, мыйзамсыз баюу иши боюнча кармалган Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн катчысы Жылдыз Чодобаеваны бошотууну суранды.

Сегизбаевдин айтымында, Чодобаева жер сатып алуу иши боюнча кармалган. Ал документтерди туура эмес жол-жоболоштурган деп айыпталууда.

«Бийлик атам 1961-жылы тиккен бакчаны 2006-жылы сатып алган деп айыптап жатат. Аны маңдай терим менен тапкан акчама сатып алгам. Ал кезде аткаминер да, мамкызматкер да эмес болчумун. Арадан 15 жыл өткөн соң бул иш боюнча эч нерсеге күнөөсү жок Жылдыз Чодобаеваны камап коюшту», — деп жазат Сегизбаев.

Сегизбаев Чодобаеванын төрт баласы бар экенин, эгер ага карата тергөө үчүн негиз бар болсо, анда аны өзүнө алууга даяр экенин кошумчалады.

«Анын эч күнөөсү жоктугуна ишенем, жада калса ал бир нерсени жол-жоболоштурган болсо да, бул төрт баланын энесин тергөө абагында кармап отурууга негиз эмес», — деп айтылат катта.

Жылдыз Чодобаева 8-февралда Сегизбаевдин мыйзамсыз баюу иши боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Кийинчерек ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Чодобаева кармалганына байланыштуу 15-февралда Бишкекте Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылынын тургундары митингге чыккан. Алар бийликтен Чодобаеваны үй камагына чыгарууну талап кылышкан.

Сегизбаевдин кармалышы

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев 25-январда «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери боюнча Алмамбет Шыкмаматов жана «башка адамдардын» кайрылуусунун негизинде кармалган.

Алар Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерге аралашкан деп билдиришкен. Анын ичинде «Белизгейт» иши боюнча кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп маалымдашкан.

Кийин башкы прокурор Курманкул Зулушев Сегизбаевге карата алты кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирген.

Ал кайсыл кылмыш иштери экенине токтолгон эмес, болгону иштердин бирөөсүнө байланыштуу мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева суракка алынганын кошумчалаган.

Башкы прокурор Сегизбаевди кармоо «эч кандай саясий куугунтук эмес» деп дагы кошумчалаган.

Башкы прокурордун билдирүүсүнөн кийин Сегизбаевдин адвокаты Кантемир Турдалиев УКМКнын экс-башчысына алты эмес, бир гана кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилгенин маалымдаган.

«Белизгейт» иши боюнча адвокат документтерди Сегизбаевге мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бергенин айтып, ал «[Сегизбаев] УКМКнын башчысы жана генерал катары түздөн-түз жетекчисининин жана жогорку аскер кол башчысынын буйругун аткарбай коё алмак эместигин», ошол себептүү «кызматтык кызыкчылыгына каршы эч нерсе кылган эмес» деп кошумчалаган.

Адвокат Абдил Сегизбаевди эл өкүлдөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы дискредитациялоо менен аларды атайылап кылмыш жасаган деп айыптап, жаманатты кылган деп айыптоону негизсиз деп эсептейт, себеп дегенде саясатчылардын ар-намыс жана кадыр барктарын коргоо тууралуу Сегизбаевге карата жазган арыздары боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими бар.