Жалал-Абад: Ташиевдин уулу «Ата-Журт Кыргызстандан» шаардык кеңешке талапкерлигин койду

Тай-Мурас Ташиев. Region телеканалынын сюжетинен жасалган скриншот

Жалал-Абад шаардык кеңешке талапкерлигин «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да койду. Ал 27 жашта жана талапкерлер тизмесинде «Томас и Ко» ЖКСынын директорунун орун басары катары көрсөтүлгөн. Аталган компаниянын май куюучу бекеттери бар.

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» Ташиевге таандык деген маалыматтар тараган. Ал эми Оштун мурдагы вице-мери Мелис Мырзакматов блогер Адыл Акжол уулуна курган маегинде «Кыргызстандын тарыхында атайын кызматтын башында турган адам партия түзгөн эмес» деп билдирген. Бирок так кайсы партия тууралуу сөз болуп атканын ачыктаган эмес.

Юстиция министрлигинин сайтында «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын жетекчиси катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн. БШКнын маалыматы боюнча Маткеримов 40 жашта, 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган. Ал ошодой эле 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон.  Ал эми өткөн жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган. Камчыбек Ташиев болсо «Мекенчил» партиясын баштап барган. Ташиев да Сузак районунун Барпы айылында туулуп-өскөн.

Ал эми «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын 45 киши негиздеген, бирок алардын аты-жөнү ачыкталган эмес. Саясий партия өзү 26-февралда кайра каттоодон өткөн. Аталган партия каттоодон өткөнүн тастыктаган маалыматтар жок. Бирок Юстиция министрлигинин күбөлүгүндө партиянын каттоо номуру бар — 10992-3300-ПП. Бирок министрликтин базасынан аталган номур менен эч нерсе таба алган жокпуз.

БШКнын маалыматы боюнча 2020-жылдын 7-июлунда ушул эле номурдагы партия «Политическая партия «Единство народа» Кыргызстана» деп аталган. Аны «Кыргызстан» партиясынан алтынчы чакырылыштын депутаты Замирбек Эсенаманов жетектеген. Ал парламентке 2020-жылдын жай мезгилинде келген. Бул партия өткөн жылдагы октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкысы келген. Бирок кийинчерээк документтерин кайтарып алган.

Ал эми аталган партияны Бишкек шаардык кеңешине меценат жана президенттикке мурдагы талапкер Бабыржан Төлбаев баштап баратат. Төлбаев шайлоо өнөктүгү баштала электе талапкер катары инстаграмда аял затын 8-март менен куттуктаганы үчүн жана студенттер менен жолукканы үчүн БШК тарабынан эскертүү алган.

Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын (2005-2007-жылы жана 2010-2013-жылы) депутаты болгон. Андан сырткары 2007-2009-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган. УКМКнын төрагасы болуп 16-октябрда дайындалган. Ал президент Садыр Жапаров менен дос. Ошондой эле, алар «Мекенчил» партиясынын тең негиздөөчүлөрү. Бул партия шайлоого алгачкы жолу 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо катышкан. Мындан тышкары, алар 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынын курамында бирге келишкен.