Исхак Масалиев УКМКга суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев фейсбук барагына УКМКга суракка чакырылганын жазды.

«Мына, жигиттердин колу мага да жеткен көрүнөт. Бирөө үйгө алып келиптир. же датасы же убактысы көрсөтүлгөн эмес. Унутуп калышса керек. Чакырууда дароо эле адвокат тууралуу эскертишчү беле, эстей албай жатам», — деп жазган Масалиев.

Депутат кандай себеп же иш боюнча чакырылганы белгисиз.

Исхак Масалиев парламенттин төрт чакырылышынын депутаты болгон. 2005-жылы каржы министринин орун басарлык кызматын аркалаган. Масалиев парламентке депутат болуп келгенге чейин бажы кызматында иштеген, ал эми 2012-жылдан тартып эки жыл салык кызматын башкарган.

Масалиев 2020-жылы майда Жогорку Кеңештен кетип жатканын кабарлаган. Парламенттеги акыркы мөөнөтүн экс-депутат «Өнүгүү — Прогресс» фракциясында иштеп жыйынтыктаган.

Бирок 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Масалиев кайра Жогорку Кеңешке барууну чечип, шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен аттанган.