Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке 18 млн сомдон ашуун зыян келтирген. Бул тууралуу 29-мартта Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 21-сентябрында Саламаттык сактоо министрлиги «негизсиз протоколдук чечим» кабыл алып, ар биринин баасы 2,9 млн сомдон ашык турган 66 тез жардам унаасын сатып алган. Автоунаалар «Коопсуз шаар» боюнча эреже бузуулардан түшкөн айыппулдардын эсебинен сатып алынышы керек болчу.
«Аталган чечимди кабыл алуу учурунда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча кандайдыр бир келишим түзгөн, демек, чечим кабыл алуу үчүн укуктук негиздер болгон эмес», — деп билдиришти көзөмөл органынан.
Башкы прокуратурада «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам унааларын «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражаттын эсебинен сатып алынгандай кылып жол-жоболошторуп коюшканын айтып беришти. Бирок, иш жүзүндө унааларды сатып алуу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан бөлүнгөн насыялык каражаттар жумшалган.
«Саламаттык сактоо министрлигинде документтерди толтуруу учурунда кайра жасап коюшкан. Алар өздөрү протокол толтуруп, анда ал акча каражаты [тез жардам унаалары сатылып алынган] «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн деп көрсөтүшкөн, иш жүзүндө ал Ислам өнүктүрүү банкына тиешелүү болгон», — деп түшүндүрдү көзөмөл органынын басма сөз кызматы.
2020-жылдын 21-октябрында Саламаттык сактоо министрлиги «В» компаниясы менен 66 даана, жалпы баасы 193 млн сомду түзгөн «Газель Соболь 4х4» маркасындагы тез жардам унааларын алып келүү жөнүндө келишим түзгөн.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, тез жардам унаалары улуттук валютасы рубль болгон Орусия мамлекетинде өндүрүлгөнүнө карабастан, унааларды ташып алып келүү келишими АКШ доллары менен түзүлгөн. Валюталардын курсунун айырмасынан эле бир автоунаанын баасы 94 232 сомго кымбаттап кеткен.
Тез жардам унаалары кечигип келген. Келишимге ылайык, мындай шартта 3,4 млн айып төлөнүшү керек.
«Саламаттык сактоо министрлиги жеткирүүчү компаниянын эсебине 189 млн сомдон ашуун акча каражатын которушу керек эле. Бирок, автоунааларды жеткирүү күнүндөгү доллардын курсун эске алганда, иш жүзүндө 208 млн сомдо ашуун акча каражаты которулган», — деп Башкы прокуратурадан билдиришти.
Текшерүүнүн материалдары Башкы прокуратуранын КЖБРнде «Кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу», «Билип туруп пайдасыз келишим түзүү» беренелери боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш башталды.
Саламаттык сактоо министрлиги жана анын пандемиядагы мыйзам бузуулары
2020-жылдын октябрь айында финпол* коронавирус менен күрөшүүгө арналган гумжардамды ыксыз бөлүштүрүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
*Финпол 5-мартта жоюлган, бирок мекеменин функциясын кайсы ведомство алары азыркыга чейин белгисиз.
Иштин фигуранты катары мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өтүп жатат. Ал шалаакылык жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип кармалган. Ушул тапта ал жүрөгүнө операция жасалгандан кийин үй камагына чыгарылган.
Кылмыш ишинин дагы бир фигуранты мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Өлкөнү пандемияга даярдоонун башында тургандардын алгачкысы дагы Абылгазиев болгон. Бирок ал мыйзамсыз баюууга шектелип кармалган. Ошентсе да финпол жана УКМК аны пандемия маселелери боюнча дагы суракка алган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткен мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов дагы финполго күбө катары сурак берип чыккан.
2021-жылдын башында финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев бийлик 2020-жылдын жай айларындагы пандемиянын биринчи толкунуна начар даярдык көргөн чиновниктердин баарын жоопко тартат деп билдирген.
Ошондой эле, коронавируска каршы күрөшүү боюнча маморгандардын ишин иликтеген ведомстволор аралык комиссия кыргыз бийлиги бюджетке караштуу жана донорлордон келген каражатка, коронавируска каршы күрөшүүгө деген шылтоо менен атайылап жогорулатылган баада ыксыз сатып алууларды ишке ашырганын ачыктаган. Бирок 7-октябрга караган түнү белгисиз адамдар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ФОМС) фондуна чабуул жасашкан — кеңседеги кылмыш ишине далил болуучу документтер жана санарип маалымат сактагычтар жок кылынган.