Ленин районунун акими кызматтан алынды. Ал партиялардын бирин казынадан каржылоого айыпталууда

Чынасыл Чыныбаев, сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Ленин райондук администрациянын башчысы Чынасыл Чыныбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы 29-мартта билдирди. Анын ордуна мурда ушул эле районду жетектеген Мелис Өскөмбаев дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

Чынасыл Чыныбаев 2020-жылдын 10-августунда Ленин районунун акими болуп дайындалган.

Чыныбаевдин кармалышы

Чынасыл Чыныбаев УКМК тарабынан кармалгандыгы тууралуу 29-мартта белгилүү болгон. Ал казынадагы каражатты орунсуз жок кылууга шектелүүдө. Чыныбаев убактылуу кармоо жайына киргизилген.

УКМКнын версиясы боюнча, ал кайсыл бир партияны каржылоого бюджеттен акча бөлгөн. Kaktus.media басылмасы Чыныбаев «Эмгек» партиясын мыйзамсыз каржылаганы тууралуу жазган.

Коопсуздук комитетинин өкүлү Дуулат Жановдун айтымында, КЖБРде катталган фактынын алкагында, Чыныбаевге карата кызмат абалынан кыянат пайдалануу, ишенилип берилген мүлктү менчиктеп алуу же ыксыз коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

«Бул фактыны текшерүү максатында, шайлоо мыйзамына ылайык маалыматтар БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна өткөрүлдү» — деди ал 30-мартта.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-апрелде өтөт. Шайлоо 28 шаарда, анын ичинде Бишкек жана Ошто, ошондой эле 420 айылдык кеңеште өткөрүлөт.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партия, Ош шаардык кеңеши үчүн — 9 партия ат салышууда.

Тема боюнча: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Мекенчилдин» талапкерлери кайсыл партияларга «секирди»?