«Мен “Ата-Журттан” келдим». Ош милициясы соцтармакка тараган аудиону териштирип жатат

Ош ШИИБи соцтармактарга тараган аудио боюнча «Добуш сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Аудиодону тараткан фейсбуктун колдонуучусу Урмат Абылкасымов үн калаадагы №5305 УШКнын төрайымы Мээрим Мамыровага таандык деп жазган. Бирок Мамырова үн ага таандык эмес экенин айтып, окуяны «каралоо» деп баалады.

29-мартта Абылкасымов «төмөндөгү айтылган сөздөргө укук коргоо органдары текшерүү жүргүзүшсүн» деп жазды. Анда белгисиз аял «канча адам жазып келсеңер ошонун акчасын берем» деп айтканы угулат.

«Ошол адамга бересиңерби, же өзүңөр аласыңарбы [...] кыскасы бир да адам калбасын. Мурдагысында болгон эмес, бул нерсе бизде гана болот, башка эч кайсы партия адамдарга бербейт», — деген ал.

Сүйлөп жаткан аял кимдерге кайрылып жаткандыгы белгисиз. Ал кайрылып жаткан адамдарга шайлоочулардын тизмесин кылдаттык менен жазып берүүлөрүн айтып, ал тизмени өзү эмес, штабдын өкүлдөрү текшере тургандыгын белгилеген. Ошондой эле, ар бир шайлоочуга телефондорун өздөрүнө жаздыртып алууну тапшырган.

«Ар бир үй-бүлөнү, подъезди өз-өзүнчө жазып берсеңер мага аябай жакшы болот. Штаб өтө катуу текшерет “мындайын” [акчасын — ред.] берип аткандан кийинчи, мен уят болбоюн а [...] Мисалы мен силерге 1 500 сом бөлүп бере турган болсом, ошонун 500үн “аке, үчөөңүздөр барат экенсиздер, калган үчөөңүздөргө чай пулду өз-өзүнчө берем” деп сүйлөшөсүңөр» — деп айтканын угууга болот.

Мындан сырткары, ал тизмедеги ар бир шайлоочу үчүн 500 сомдон бериле тургандыгын белгилейт. Аталган сый акы шайлоого жакын бериле тургандыгын кошумчалаган.

«Шайлоочуларга силер “сүйүнчүсү бар, таман акыңар бар” деп жөн эле айтып койгула. Кээ бирлери жол кире кетиргиси келбей барбай коюшат. Анан шайлоого 3-4 күн калганда баарын чакырып беребиз. Толук кол койдурабыз. Тизмени алып келсеңер, штаб бизге ошого карап акча чыгарып берет, ошого жараша алып келебиз», — дейт ал.

Аталган аял кайрылгандарга «мен “Ата-Журттан” келдим, кошо жүрөмүн, эч кандай алдабайт силерди деп айтасыңар» деген. Бул «Ата-Жур Кыргызстан» саясий партиясы болушу ыктымал. Анткени «Ата-Журт» партиясы Ош шаардык кеңешке өтчү шайлоого катышуудан баш таркан.

Мээрим Мамырованын версиясы

Мамырова «Клоопко» аталган аудиодогу үн ага таандык эместигин айтып, «каралоо үчүн монтаждалган» деди. Бирок ал Ош шаарындагы № 5305 участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы экендигин тастыктады.

«Мен антип сүйлөгөн эмесмин, муну кантип жана качан жаздырышкан билбейм. Азырынча териштирүү жүрүп жатат. Мен өзүм дагы ошонун үстүнөн арызданып, ошону акырына чейин билип бергиле деген ойлоруму билдирип жатам. Урмат Абылкасымов фейк аккаунт окшойт», — деп маалымдады Мамырова.

Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева аталган факт боюнча милициянын териштирүүсүн БШК көзөмөлдөөрүн маалымдады. Анын айтымында, аудиодогу үн Мээрим Мамыровага таандык же таандык эместиги текшерилип жатат.

Шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар

26-мартта Бишкек АШКсынын ыкчам аракет көрүү координациялык тобунун жыйыны болуп өткөн. Жыйынга борбор калаанын АШК мүчөлөрү жана Бишкектин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышкан.

Жыйында «Ата-Журт Кыргызстан», «Ак-Бата» жана «Эмгек» партияларына карата шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча иштер катталганы маалымдалган.

Ага ылайык, фактылар КЖБРге төмөнкү беренелер боюнча катталган:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына карата — «Шайлоочулардын добушун сатып алуу»;
  • «Ак-Бата» партиясынын үгүтчүсүнө карата — «Шайлоо кампаниясын каржылоо тартибин бузуу»;
  • «Эмгек» партиясына карата — «Ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу же ыксыз жок кылуу», «Кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу» жана «Шайлоочулардын добушун сатып алуу»;

Мындан сырктары, ИИМ 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештин шайлоосуна жана референдум боюнча үгүт иштерине байланыштуу 78 маалыматты каттаган. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы аталган ведомствонун тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимкан уулуна таянып билдирген.

«Анын 21и кылмыш жасоого тете катары, он беши жоруктар, төртөө бузуулар деп квалификациялынууда. Ал эми маалымат каттоо китебине 38 материал киргизилди. Анын 33үнө чечим кабыл алынып, беш учур боюнча териштирүү жүрүп жатат», — деп билдирген Эшимкан уулу.

Буга чейин 26-мартта Ош ШИИБден шайлоо алдындагы үгүт маалында мыйзам бузуу боюнча 10 маалымат текшерилип жатканын билдиришкен. Милициядан маалыматтар добуш сатып алуу жана туура эмес үгүт иштерин жүргүзүүгө байланыштуу дешкен.

Марттын башында төрт партия «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын «админресурс колдонуп жатат» деп айыптаган. БШКдан тийиштүү органдар маалыматты текшерет деп ишендиришкен.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал эми Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышып жатат.