Ош милициясына үгүт маалында мыйзам бузуу боюнча 10 маалымат келип түштү

Ош ШИИБден шайлоо алдындагы үгүт маалында мыйзам бузуу боюнча 10 маалымат текшерилип жатканын билдиришти. Милициядан маалыматтар добуш сатып алуу жана туура эмес үгүт иштерин жүргүзүүгө байланыштуу дешти.

«Эгерде маалыматтар чын боло турган болсо мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарына ылайык жоопко тартылат», — деп билдиришти мекемеден.

2020-жылдын 4-октябрында өтүп, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Ош шаарында добуш сатып алуу боюнча төрт иш сотко өткөрүлүп берилген.

Кыргызстанда жергиликтүу кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал эми Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышып жатат. Буга чейин төрт партия «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын «админресурс колдонуп жатат» деп айыптаган. БШКдан тийиштүү органдар маалыматты текшерет деп ишендиришкен.

Тема боюнча: Ошто төрт партия «Ата-Журт Кыргызстанды» админресурс колдонууга айыптады