Муфтийликке талапкерлерди каттаган комиссия аларга басым болуп жатканын айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасына жана анын мүчөлөрүнө муфтийликке талапкерлердин тарапташтары тарабынан психологиялык кысым болуп жатат. Бул тууралуу «Клоопко» комиссиянын мүчөсү Абдыманап Масалиев билдирди.

Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган. Ага ылайык, Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырып, ал эми Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 киши арыз берген.

29-мартта «Фейсбук» социалдык тармагынын колдонуучусу Кубатбек Айбашов Муфтийди шайлоо болбой калуу коркунучунда экенин, муфтийликке талапкерлердин тарапташтарынан сынак комиссиясынын башчылыгына жана мүчөлөрүнө психологиялык кысым көрсөтүлүп, ал тургай сабап кетебиз деп коркутуп жатканын билдирген.

Выборы муфтия на грани срыва В ДУМК назревает скандал, пытаются сорвать отбор кандидатов в Муфтия ДУМК. Сообщают, что...

Posted by Kubatbek Aybashov on Sunday, March 28, 2021

Каттоо комиссиясынын төрагасы Мамасадыр Досболов окуя боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиевге кат түрүндө кайрылып, сынакты дагы бир айга узартууну сунуш кылган.

Досболов Аалымдар Кеңешинин IV чакырылышынын мүчөлүгүнө жана Азирети муфтийдин кызмат ордуна талапкерлерди тандоодо ишке жолтоо болуп, коркутуулар болуп жаткандыгын жазып, Курултай өткөрүүгө шарт жок экендигин айткан.

Комиссиянын мүчөсү Абдыманап Масалиевдин айтымында, Каттоо комиссиясынын төрагасына психологиялык кысым болуп, бирок физикалык зомбулук болгон эмес.

«Биз муфтийликке талапкерлердин документтерин карап, текшерип жатабыз. Айрым талапкерлердин документтери муфтийликке туура келбегендиктен кабыл алган эмеспиз. Ошол талапкерлердин тарапташтары бизге телефон чалып кысым кылып жатканы анык. Алар талапкердин документтерин өткөрүүнү талап кылышкан. Комиссиянын төрагасына ачык эле коркутуу болгон. Аны биз сактап УКМКга өткөрүп бергенбиз», — дейт Масалиев.

Ошондой эле, Масалиев өзүнө дагы телефон чалуу менен коркутуу болуп жатканын кошумчалады.

Муфтияттагы ызы-чуу

Буга чейин 10-февралда, муфтияттын башкы эсепчиси УКМК тарабынан кармалгандан кийин муфтий Максат Токтомушев ордунан кетүү үчүн арызын жазган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, «дин башкармалыгында мыйзамсыз иштер аныкталгандан кийин жетекчилик бухгалтер аркылуу УКМК өкүлдөрүнө 100 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган».

Ошол эле күнү кечинде УКМК Токтомушевди «муфтияттагы каржылык мыйзам бузууларга катыштыгы бар» деп кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

«Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий М.а.Т. ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экенине далилдер алынды», — деп билдиришкен УКМКдан.

Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Токтомушевдин тарапташтары соцтармактарда нааразычылыгын билдиришкен. Ал эми 11-февралда экс-муфтийдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына митингге чыгып, Токтомушевди үй-камагына чыгарууну талап кылышкан.

Эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту мурдагы муфтийди жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен үй камагына чыгарган.

Ал эми 14-февраль күнү Токтомушев видеокайрылуу жасап, «аны чет өлкөгө качып кетти» деген маалыматтарды таратпоого жана «президент Садыр Жапаровдун саясатын колдоого» чакырган.