Экс-муфтийдин тарапташтары аны үй камагына чыгарууну талап кылышууда

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын алдында мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевди колдогондор митингге чыкты. Алар экс-муфтий мыйзамсыз камалганын айтып, аны коё берүү керектигин айтышууда.

10-январда муфтияттын башкы эсепчиси УКМКнын өкүлүнө 100 миң доллар пара берген деген айып менен кармалган болчу. Ошол эле күнү муфтий Токтомушев кызматынан кеткен. Ал эми кечинде аны УКМКнын кызматкерлери тарабынан каржылык мыйзам бузууга байланыштуу кармаган болчу.

Митингге чыккандар Токтомушевдин үй камагына чыгарылуусун суранышууда. Себеби, алар мурдагы муфтий эч жакка качпай турганын жана ага кепилдик бере турганын билдиришүүдө.

Чогулгандарга дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы башчысы Акин Токталиев дагы келди. Ал Максатбек ажы Токтомушев мамлекеттик кызматкер эмес экенин, андыктан аны мамлекеттик кызматкер катары камакка алуу туура эмес экенине токтолду. Ошондой эле, муфтиятты бюджетин акчасын жеп койду деп айыптоого болбой турганын айтты.

Акин Токталиев

«Муфтият мамлекеттин, бюджеттин акчасын жеп койду дегендей мамлекеттик орган эмес. Ал жакта өздөрүнүн Аалымдар кеңеши бар, текшерүү комиссиясы бар. Бул саясий иш. Муфтиятты алыш керек болуп калды. Себеби, жакында ажылык башталганы жатат. Бул жерде азыр эки чоң топ иштеп жатат. Президент аларды билбейт. Ал топту билиш үчүн биринчи мени чыкырышы керек эле», — деди ал.

Токталиев ошондой эле, муфтияттын башкы эсепчисин 100 мин доллар пара менен кармады деген өзүнчо шоу экенине токтолду. Себеби, эгер эсепчи ошончо акчаны берген болсо УКМК аны видеого тартып, акчаларды камеранын алдында санамактыгын белгиледи. Андан сырткары былтыр пандемиядан улам ажылыкка барбагандардын акчасы банкта депозитте болгонун жана ага кэч ким тийбегенин кошумчалады.

Учурда чогулгандар УКМКнын имаратынын алдына келип, «Максат ажыга боштондук» деген ураандарды чакырып жатышат. Ошондой эле колдоруна да ушундай жазуу жазылган транспаранттарды көтөрүп алышкан.