«Президенттин саясатын колдойлу». Мурдагы муфтий кайрылуу жасады

Мурдагы муфтий Максат Токтомушев 14-февралда коомчулукка видеокайрылуу жасады. Ал «учурда Бишкекте экенин айтып, аны чет өлкө качып кетти» деген маалыматтарды таратпоого чакырды.

«Мени “Турцияга качып кетиптир, финансылык маселеси тигиндей болуп, мындай болуптур” деген сөздөр болуп жатат [...] Албетте эми телефонду албайм. Бүгүнкү күндө кандай заман кетип жатат, бардык чалууларды алып жооп бере турган болсоң... Телефонду албай койгондун мааниси ал асманга учуп кетиптир дегени эмес да», — дейт ал.

Мындан сырткары Токтомушев «ынтымакка келип, президенттин саясатын колдоо» керектигин айтты. Ошондой эле «ага жалаа жабылганын» белгилеп териштирүү болоорун кошумчалады.

«Жакында элде иннаугурация болуп падышалуу болдук. Эми бүткүл дүйнө карап турат “кандай алып барат экен” деп. Ар кимибиз ар жака мамлекетти тарта бере турган болсок эгемендүүлүктөн айрылып калбайлы. Баары жакшы болот, териштирүү болот», — деди мурдагы муфтий.

Муфтияттагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча иш

Буга чейин 10-февралда Максат Токтомушев муфтийликтен кетүү арызын жазган — ал күнү муфтияттын башкы эсепчиси кармалганы маалымадалган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, «дин башкармалыгында мыйзамсыз иштер аныкталгандан кийин жетекчилик бухгалтер аркылуу УКМК өкүлдөрүнө 100 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган».

Ошол эле күнү кечинде УКМК Токтомушевди «муфтияттагы каржылык мыйзам бузууларга катыштыгы бар» деп кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизгени белгилүү болгон.

«Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий М.а.Т. ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар жөнүндө далилдер алынды», — деп билдиришкен УКМКдан.

Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Токтомушевдин тарапташтары соцтармактарда нараазычылыгын билдиришкен. Ал эми 11-февралда экс-муфтийдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына митингге чыгып, Токтомушевди үй-камагына чыгарууну талап кылышкан.

Эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту мурдагы муфтийди жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен үй камагына чыгарган.

Ал эми өлкө башчы Садыр Жапаров муфтийдин кармалышы боюнча пикирин билдирип, текшерүүлөрдүн натыйжасында муфтиятта «чындыгында каржылык жактан жетишпестик болгону» аныкталганын айткан.

Анын айтымында, «муфтиятта ажылык сапарга барчулардын 16 млн доллар акчасынын 7,7 млн долларын сомго конвертациялап, киреше алуу үчүн башка банктарга пайызга салышкан. Бирок доллардын баасы 15 сомго өсүп кетип, пайданын ордуна 700 миң доллардын тегерегинде чыгым болгон.

Ошондой эле ал «бул каражаттардын ичинен 155 млн сом 2020-жылдын август айында фирма аркылуу шайлоого катышкан саясий партиянын чыгымдарына колдонулуп кеткенин» билдирип, каражаттар ажылыкка бара тургандарга жарым-жартылай кайтарылганын кошумчалаган.

Ал эми Токтомушев өзү кармалганга чейин АКИpress басылмасына маек куруп, аны «айрым “кызыкдар адамдар президенттин атын жамынып” кызматынан мыйзамсыз бошотууга аракет кылып жатышканын» айтып берген.

Ал Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын 2014-жылдан бери жетектеп келген.