Ысык-Көл облусу: Зордуктоого шектүү жаран убактылуу кармоо жайында асынып алды

Тоң районунун убактылуу кармоо жайында зордуктоо иши боюнча фигурант болуп өтүп жаткан жаран асынган абалда табылды. Бул тууралуу 30-мартта Ысык-Көл ОИИББнин басма сөз кызматы кабарлады.

2002-жылы туулган жарандын сөөгү 29-мартта болжол менен саат 10:00дө табылган.

Милиция кызматкерлери асынып алган жигитти байкап калаары менен ага дароо биринчи меджардам көрсөтүшкөн. Андан кийин тез жардам кызматы чакырылып, абакка келген дарыгерлер ал кайтыш болуп калганын билдиришкен.

Аталган факт КЖБРде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Мындан тышкары, ИИМдин ички иликтөө кызматы да окуяга байланыштуу текшерүү баштаган.

Маркум зордуктоого байланыштуу кылмыш ишинин фигуранты болгон. Ал 2021-жылдын январь айында Бөкөнбаев айылынын тургунун зордуктоого шектелип кармалган.

Тоң райондук соту аны 2 айга камакка алган. Иликтөө аягына чыккандан кийин, материалдар сот кароосуна жөнөтүлгөн.

26-мартта ал сот отурумуна жеткирилиши керек болчу. Облустук ички иштер башкармалыгынын кызмактерлери аны Каракол шаарынын №25 тергөө абагына алып келишкен. Сот отуруму өтүп, кийинкиси 15-апрелге дайындалган.

Сот аны Тоң райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизүү жөнүндө чечим чыгарган.