АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы Адам укуктары боюнча 2020-жылга карата жылдык баяндамасын жарыялады.
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, департаменттин баяндамасында «кыргыз өкмөтүнүн адам укуктарын коргоодогу аракеттери солгундап кеткенине тынчсыздануу жаралганы» баса белгиленген.
Тынчсызданууга эмне себеп болду?
АКШ мамдепартаментинин пикиринде, БУУнун бошотуу тууралуу чакырыгына карабастан, укук коргоочу Азимжан Аскаровдун темир тор артында ажал тапканы тынчсызданууга олуттуу себеп болгон.
Ошондой эле, өзбек журналисти Бобомурод Абдуллаевдин ыктымалдуу түрдө кыйноолорго алынышы жана андан кийинки экстрадицияланышы, коопсуздук кызматтары кыйноолорду колдонгондугу үчүн жоопкерчиликке тартылбаганы АКШнын тышкы саясатын жүргүзгөн мекеменин тынчын алат.
Тема боюнча окуңуз: Кыргызстандын атайын кызматы журналист Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп берди
Мындан тышкары, «ультра-улутчул топтордун жарандык коомдун өкүлдөрүнө жазасыз кол салуулары», коопсуздук кызматтары жарандык коомдун мүчөлөрүн жана маалымат каражаттарын кысымга алышы да «солгундоонун» себеби болгон.
Баяндамада 2020-жылы коопсуздук кызматынын активисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарын куугунттуктоосу да күчөгөнү белгиленди. Мындан тышкары Factcheck.kg ресурсунун негиздөөчүсү Болот Темировго кол салуу, Таласта көз карандысыз телеканалдын кеңсесин өрттөө, журналист Али Токтакуновдун «көзүн тазалоого буйрутма берүү», Садыр Жапаровдун тарапташтарынын октябрь окуяларында кабарчыларга кол салуусу эскерилген.
Кыргызстанга эмне сунушталды?
АКШ өкмөтү Кыргызстандын бийлигин Адам укуктары боюнча отчётунда баяндалган окуяларды иликтөөгө жана «ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн натыйжалуу чараларды көрүүгө» чакырат.
«Кыргыз Республикасы эмне себептен Борбор Азиядагы эң демократиялык өлкө катары белгилүү болгонун көрсөтө турган мезгил келди. Биз, Жапаров алдындагы жаңы бийлик, адам укуктарын коргоодо жана адам укуктарын тебелегендерди жоопкерчиликке тартууда күч-аракеттерин эки эсе көбөйтүү үчүн, жарандык коомду, укук коргоо органдарын, адам укугун коргоочу уюмдарды жана сот тутумун бириктирет деп үмүттөнөбүз», — деди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу.
Азимжан Аскаров деген ким?
Азимжан Аскаров — Кыргызстандагы эң белгилүү укук коргоочулардын бири. Аскаров өмүрүнүн акыркы 10 жылын абакта өткөргөн.
Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын 15-сентябрында өмүр бою эркинен ажыратканы менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.
Укук коргоочунун ишинде көптөгөн түшүнүксүз жагдайлар болгон. Мисалы ага өкүмдү негизинен милиционерлердин көрсөтмөсү боюнча чыгарышкан. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаров кыйноого алынып, укук коргоочуга карата сот териштирүүсү адилетсиз болгонун тааныган.
Укук коргоо уюмдары Аскаровдун куугунтукталышын анын ишмердүүлүгү менен байланышытырып келишет. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөнү менен эл арасында таанымал.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаров кыйноого алынып, укук коргоочуга карата сот териштирүүсү адилетсиз болгонун тааныган. Комитет Кыргызстандын бийлигин Аскаровду токтоосуз бошотуп, анын соттолгондугун жокко чыгарууну талап кылган. Бирок талап аткарылган эмес.
Азимжан Аскаров 2020-жылдын 25-июлунду пневмониядан каза тапкан. Акыркы күндөрү анын саламаттыгы кескин начарлап кеткен эле. Маркумдун жактоочусу ал ооруканага жаткырылышы керектигин талап кылганы менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан абакта дарылоо үчүн «бардык шарттар бар» экенин билдиришкен.
28-июлда Женевадагы БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссариаты Аскаровдун өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө зарылдыгын билдирген. Ошондой эле, бир катар эл аралык уюмдар укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу кыргыз бийлигинин дарегине сындуу билдирүүлөрдү жөнөткөн.