Премьер Марипов жарандарды беткап кийүүгө жана аралыкты сактоого үндөдү

Премьер-министр Улукбек Марипов 30-мартта вице-премьер-министр Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен медициналык мекемелердин COVID-19 оорусунун көбөйүү ыктымалдыгына даярдыгын талкуулады.

Марипов «Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым райондорунда оорунун саны өсүп жатканы боюнча абалга кооптонуп жатканын» билдирди. Анын айтымында, өкмөт окуянын ар кандай өнүгүү варианттарына даяр болушу керек.

«Саламаттык сактоо уюмдары, биринчи кезекте медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен, бейтаптарды дарылоо үчүн тийиштүү дары-дармектердин запасы жана жабдуулар менен камсыздалышы керек. Өзгөчө көңүлдү балдардын ден-соолугуна, мектептерде жана бала-бакчаларда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоого буруу керек», — деди Марипов.

Өкмөт башчысы Республикалык ыкчам штаб эпидемиологиялык абалга көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле, премьер-министр жарандарды өзүнүн жана жакындарынын ден-соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, беткап тагынуу жана социалдык обочолонуу сыяктуу элементардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди көз жаздымда калтырбоого чакырды.

Муну менен бирге, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жеке медициналык борборлор менен бирге калкты акылуу жана ыктыярдуу негизде коронавируска каршы эмдөө маселесин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Соңку эки аптада Республикалык штаб калк арасында коронавирусту жуктургандардын саны көбөйүп жатканын кабарлап келет. Штабдын маалыматы боюнча, 31-мартта өлкөдө коронавирус жуктуруунун 98 жаңы учуру катталган. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 88 734 киши бул ооруга чалдыккан. 1 499 бейтап илдеттен каза болгон.