COVID-19. Акыркы суткада төрт бейтап каза болду

Республикалык штабдан билдиришкендей, акыркы суткада коронавирусту жуктурган төрт адам каза болду. Алардын ичинен үч адам Бишкек шаарында, дагы бири Чүй облусунун аймагында көз жумган.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустан каза тапкан бейтаптардын саны 1 506 адамга жетти.

Ошондой эле, республикалык штаб акыркы суткада COVID-19 жуктургандардын 172 жаңы учуру катталганын белгиледи.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

  • Бишкек шаарында — 124;
  • Чүй облусунда — 33;
  • Ысык-Көл облусунда — 10;
  • Ош шаарында— 2;
  • Ош облусунда — 1;
  • Жалал-Абад облусунда — 1;
  • Талас облусунда — 1;
  • Баткен облусунда — 1.

Жалпысынан пандемия башталгандан тартып өлкөдө COVID-19га чалдыккандардын саны 89 014ко жетти.

Ошондой эле, акыркы сутка ичинде 87 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Өлкө боюнча пандемия башталгандан бери 85 164 адам илдеттен сакайып чыккан. Алар COVID-19 же пневмонияга чалдыккандар.

Штабдын төртүнчү апрелге карата маалыматында, ушул тапта Кыргызстанда 625 бейтап ооруканада дарыланып жатат. Анын ичинен 29 бейтаптын абалы оор. Ал эми 768 адам амбулатордук дарыланууда.