«Бюджетке кошумча киреше». Өкмөт унаа айнектерин караңгылатууга уруксат бергиси келет

Премьер-министр Улукбек Марипов 3-апрелде фейсбук барагы аркылуу өкмөт автоунаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн токтом долбоору даярдалып жатканын билдирди.

«Буга чейин да көп талкуу болгон маселе: автомашиналардын “тонировкасы” боюнча (...) бюджетке кошумча киреше алып келе ала турган каражаттар бар. Ушул жагында дагы биз сунуштарды даярдап жатабыз, жакынкы аралыкта бул токтом долбоору Жогорку Кеңешке киргизилет», — деди Марипов.

Ошондой эле, Марипов өкмөт бул багытты бюджетке киреше тартуу максатында карап жатканын кошумчалады.

Автоунаалардын терезелерин караңгылатуу маселеси Кыргызстанда көптөн бери талкууланып жатат. Азыркы учурда автоунаалардын капталдагы алдыңкы жана маңдайкы терезелерин караңгылатууга уруксат берилбейт, арткы терезелерди караңгылатса болот. Толук караңгылатуу атайын унааларга жана мамлекеттин жетекчилигинин унааларына гана уруксат берилген.

Автоунаанын алдыңкы терезелери караңгылатылган болсо, унаа ээси үчүнчү категориядагы айыпка тартылат — жеке жактар 5 500 сом, юридикалык жактар 17 миң сом төлөөгө дуушар болот.

2016-жылдын июль айында Ички иштер министрлиги терезелерди караңгылатууга тыюу салуу демилгесин көтөргөн. Токтомго ылайык, айдоочуларга унаанын маңдайкы жана капталдагы алдыңкы терезелерин атайын күңүрт тасма менен караңгылатууга же парда тагууга тыюу салынат, эгер терезелер өндүрүүчү-заводдо эле караңгылатылган болсо, аларды алмаштыруу талабы коюлган болчу.

Ошол эле 2016-жылы Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы автоунаалардын заводдон чыгарылып жатканда орнотулган караңгылатылган айнектерин алмаштырууну талап кылган өкмөттүн токтому «жокко чыгарылганын» билдирген.