Профсоюз федерациясынын мүчөлөрү мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы митингге чыгышты

Профсоюздар федерациясынын мүчөлөрү 5-апрелде өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Митингчилер «Кесиптик кошуун бирликтери» («Профсоюздар») жөнүндө мыйзам долбоорунун кабыл алууга каршы экенин билдиришип, президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Ошондой эле алар депутат Гүлкан Молдобекованын мыйзам долбоорун атайын сүрөмөлөп жатат деп айыпташууда.

Митингге 50гө чукул адам чогулду. Алар «Профсоюздар татыктуу эмгек үчүн», «Мирбек Асанакунов эмгекчил элдин душманы», «Гүлкан Молдобекова депутат болууга татыктуу эмес» деген лозунгдар жазылган транспораттар менен чыгышты.

«Бул жерде чогулгандардын көпчүлүгү эмне себептен биздин профсоюздар федерациясынын авторитети түшүп кеткенин түшүнүп турушат. Буга [Мирбек] Асанакунов жана депутат [Гүлкан] Молдобекова күнөөлүү. Себеби Молдобекова өзүнүн жолдошун федерациянын төрагачылыгына сүрөмөлөп, бардык мыйзамдарды бузуу менен элге каршы болгон мыйзамды кабыл алды. Бул жерден биз утулдук. Бирок биз профсоюзбуз, биз бириккен, коллегиалдык уюмбуз. Мен Асанакуновдун кетүүсүнө, мыйзам долбоорунун кабыл алынбоосуна жана тыюу салуусуна, ошондой эле депутаттардын тарап кетүүсүнө чакырам», — деди чогулгандардын бири.

Митингге келген аялдардын бири президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, бул көйгөйгө көңүл бурууну суранды.

«Биздин акыркы үмүтүбүз… сизди биз кандай колдодук. Ушул жерде турган эл сизден үмүттөнөт. Молдобековалардын ойлоп-тапкан мыйзамдары сиздин алдыңызда турат экен — элдин үнүн угуп коюуңузду сизден суранабыз», — деди митингге чыккан аял.

Мыйзам долбоору тууралуу

Кожобек Рыспаев

Аталган мыйзам долбоору 31-мартта Жогорку Кеңештин үчүнчү окуусунда жактырылып, президентке жиберилген. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери катары Данияр Төлөнөв, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Улан Примов, Таабалды Тиллаев, Бактыбек Турусбеков, Искендер Гайпкулов, Кожобек Рыспаев жана Мирлан Бакиров көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин расмий сайтында бул мыйзам долбоорун табууга мүмкүн болгон жок, ошондуктан анын мазмуну белгисиз.

Демилгечилеринин бири Кожобек Рыспаев журналисттерге курган маегинде долбоордо Кесиптик кошуун федерациясынын төрагасы 35 жаштан 65 жашка чейин болушу каралганын билдирген. Рыспаев кээ бир жетекчилер 30 жылдан ашуун кызматты бошотпой, жаш курагы 70тен ашкан болсо да иштеп жүрүшкөнүн айтып, мында «коррупциялык элементтер» бар деп божомолдогон.

Анткен менен федерациянын мүчөлөрү бул мыйзам Кесиптик кошуун федерациясынын төрагасынын ыйгарым укуктарын кеңейтип, уюмга таандык болгон мүлктү сатууга укук бериши мүмкүн деп кооптонууда. Учурда федерациянын чечимдери коллегиялык кабыл алынат.

«ККФтин төрагасы чечимдерди дээрлик өзү кабыл алып, ошол эле учурда анын иммунитети болот — эгерде ал мыйзам бузуп жатса аны кызматтан четтетүү мүмкүн эмес болуп калат», — деп билдиришти уюмдан.

«Чектен чыккан кызыкчылыктар кагылышы»

Гүлкан Молдобекова

Алгач мыйзам долбоору социалдык маселелер боюнча парламенттик комитеттен жактырылган. Кызыгы, бул комитеттин төрайымы депутат Гүлкан Молдобекова профсоюздар федерациясынын мурдагы төрагасы Мирбек Асанакуновдун аялы.

Ал эми экс-депутат Элвира Сурабалдиева Молдобекова бул мыйзам долбоорун жактырганы «кызыкчылыктардын кагылышы» болгонун билдирген.

«Мен Гүлкан Сакеновнага комитеттин төрайымы катары айтканмын: парламенттик комитеттин төрайымынын күйөөсү [Мирбек Асанакунов] Кесиптик кошуун федерациясынын жетекчиси, ал эми добуш берүү болуп жатса, анын аялы мыйзам долбоорун колдоп жатат — бул чектен чыккан кызыкчылыктардын кагылышы, бардык нормалардын бузулушу [...] Мен буга чейин айтканмын, мындай мыйзам долбоорлор Молдобекованын комитети аркылуу өтпөшү керек болчу. Бул мыйзам долбоору боюгнча добуш берүүгө анын моралдык укугу жок болгон», — деп айткан Сурабалдиева.

Молдобекова бул комитетте «конституциялык укугун аткарып» жатканын айтып, каалаган адам отурумда катышууга укуктуу экенин билдирген.

Асанакуновдун кызматтан кетүүсү жана кайра кайтышы

Асанакунов 2020-жылдын февраль айында документтерди жасалгалоого айыпталып, анын ордуна Рысгүл Бабаева дайындалган. Бирок Асанакунов бул кызматтан кетүүдөн баш тартып, федерацияда төрагачылык ордуна күрөш башталган.

Ал эми 2020-жылдын 10-декабрында Асанакунов 50гө чукул тарапташы менен федерациянын имаратына кирип, өзүн төрага катары жарыялаган. Асанакунов менен бирге депутат Кожобек Рыспаев да келген.

2020-жылдын 25-декабрында Кесиптик кошуундар федерациясында кезексиз съезд өтүп, анда Сагын Бозгунбаев уюмдун башчылыгына шайланган.

Профсоюздар федерациясынын мүчөлөрү Асанакуновдун аракеттерин «өз билемдик» жана «рейдерлик басып алуу» деп аташкан. Ал эми Асанакуновдун тарапташы Жээнбек Осмоналиев эч кандай рейдерлик басып алуу болгон эмес деп маек курган. Анын айтымында, кесиптер кошуунунун жетекчиси жок калгандыктан бардык акча жана финансылык операциялар токтотулган. Мындан улам профсоюз кызматкерлери дээрлик бир жыл бою каржыланбай калган.

Ошондой эле, ал 10-декабарда өткөн кеңешмеге 14 адам катышканын кошумчалаган. Ошондуктан Асанакуновдун тарапташтары ал өз ордуна кайтып келип, алардын маселесин чечип берет деген бүтүмгө келишкен.

Учурда Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясынын башчысы катары Бозгунбаев Юстиция министрлигинде катталган. Бирок Асанакуновдун тарапташтары жаңжал чыгарып, ага иштөөгө мүмкүндүк беришпей, айрым маалыматтар боюнча Бозгунбаевди иш бөлмөсүнө да киргизбей коюшкан. Мындан кийин соттук тирешүүлөр башталып, «асанакуновчулдар» митингдерди уюштурушкан.

Ал эми 26-мартта Биринчи май райондук соту Асанакунов, анын эки орун басары делген Ренат Арыков жана Сулейман Закировго профсоюздар федерациясыны жетектөөгө тыюу салды.