Ташиевдин дөңгөлөк уурдоого шектелген уулунун иши кайра каралат

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Темирландын иши кайра кароого жөнөтүлдү. Бул маалыматты «Клооптун» кабарчысына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Соттун маалыматы боюнча, иш 5-апрелде каралып, биринчи инстанциядагы сотко кайрадан кароо үчүн жиберилген. Бирок соттун маалымат кызматы иш кайсы сотко жиберилгенин тактап айткан жок.

Анткен менен бир катар ЖМКлар өздүк булактарына таянып, иштин материалдары Октябрь райсотуна жөнөтүлгөнүн жазышты.

Ташиевдин уулу дөңгөлүк уурдоого шектелип 2013-жылы кармалган. Анда милиция Темирлан Ташиев менен бирге дагы үч өспүрүмдү кармаган. Алар Бишкектеги 5-кичи райондо автоунаанын дөңгөлөгүн чыгарып кетүүгө аракет кылышкан.

Камчыбек Ташиев — тажрыйбасы мол саясатчы, учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы. Президент Садыр Жапаров аны бул кызматка 2020-жылдагы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин дайындаган. Ташиев менен Жапаров «Мекенчил» партиясынын түзүүчүлөрү жана көптөн берки үзөңгүлөштөр болгону маалым.