Оштун тургуну аны «Ата-Журт Кыргызстандын» талапкери «коркутканын» айтты

Ош шаарынын тургуну 5-апрелде «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Болот Баетов «ага иштеп берүүгө берүүгө мажбурлап жана коркутуп жатканын» айтып, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады. Ал эми Баетов «Клоопко» ага карата «каралоо жүрүп жатканын» билдирди.

Кайрылуу жасаган тургундун айтымында, Баетов менен ал «Биримдик» партиясынан талапкер болгон учурда таанышкан. Ошол кезде талапкер аймакка шагыл төгүп, канализация киргизүүгө жардам берген дейт.

Ал эми 11-апрелде өтчү шайлоо алдында Баетов «“Ата-Журт Кыргызстанга” өттүм, бийликтин, Ташиевдин командасыбыз» деп аны аталган партия үчүн «иштеп берүүгө» чакырганын айтты.

«Ал “бизден коркпой, биз менен иштеп бересиз" деди эле мен "макул" дегем. Андан 2-3 күндөн кийин ал бала келип "эмнеге иштебей жатасыз, андай-мындай" деди. Мен "эй, азыр убактым жок, акырын иштейбиз да, али убакыт бар" деп айтсам "Сиз башка жакка чуркабастан, аксакал адам тынч эле иштең” деп айтты. "Мына, мен Ташиевге жолугуп келдим, аны менен учураштым, сен боло турган баласың деп айтты" деп жүрөт. Кийин мен иштей албай калдым. Эми келип алып коркутуп жүрөт», — деди тургун.

Тургун Баетов аны «УКМКга берем, Ошто жашатпайм» деп коркутуп, үйүнүн алдына «күзөтчү» коюп, аңдып жүргөнүн айтты. Мындан улам ал Ташиевден Баетовго карата чара көрүп берүүнү суранды.

«Ачууланып жүрдүм эле, мына Өзгөнгө келип "менин атымды саткан адамдарды жазалайм" деп айткан сөздөрүңүздү угуп туруп, сизге кайрылып жатам. Мына ушундай неберем менен тең балдар келип алып мени коркута берсе, үркүтө берсе, эшигимдин түбүнө кароол коюп койсо, бул эмне деген?! Мага ушуну чечип берсеңиз», — деди ал.

Мындан сырткары ал MegaCom уюлдук операторунан Баетовдун ага чалганын «тастыктаган» документтерди алганын кошумчалады.

Анткен менен Баетов «Клоопко» курган маегинде кайрылуу жасаган киши менен «Биримдиктен» талапкер болгондо иштешкенин тастыктады. Бирок андан бери сүйлөшпөгөнүн айтты. Ал аталган кайрылууну «уюштурулган каралоо» деп атап, арыз менен Ош ШИИБге кайрылганын билдирди.

«Ушунча сүйлөгөндөн кийин далидеп берсин. Мен ошолор менен качан сүйлөшкөнүм боюнча тактап бергиле, тараган аудио боюнча экспертиза жүргүзгүлө деп арыз жаздым. Булардын артында ким турары боюнча менде аудио жазуулар бар. Тергөөгө берем», — деди ал.

Мындан сырткары Баетов Ташиев менен «өмүрүмдө жолуккан эмесмин» деп ишендирди.

Ал эми Ош ШИИБден «Клоопко» видеокайрылуу да, Баетовдун арызы да катталып, териштирүү жүргүзүлөөрүн билдиришти.

Болот Баетовго таандык делген аудио

Бир ай мурда өзүн Болот Баетов деп тааныштырган кишинин үн жазуусу тараган. Анда ал «Митал» аттуу кишиге «иштерди баштайлы» деп телефон чалган. Ошондой эле, өзү «Ташиевдин командасында» экенин билдирген.

«Ишти баштайлыбы? Биз жакта элесиз да? Ал жерди эч кимге бербейбиз аке, ээ... Билесиз да мен кайсыл жактан кетип жатканымды? Ташиевдин командасындамын. Бийликтин», — деген өзүн Баетов деп атаган киши.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Болот Баетовдун сүрөтү тиркелген аудио «Оштун Жаштары» аттуу баракчага жүктөлгөн. Автор «“Ата-Журт Кыргызстан” өздөрүн бийликтин, тагыраагы Ташиевдин партиясыбыз деп ачык айтып жатышат» деп жазган. Мындан сырткары партиядагылар өзбек улутундагы жарандарды «коркута баштаганы» айтылган.

Анда талапкер Баетов аудио монтаждалган деп билдирген. Ош ШИИБден аталган үн жазуу боюнча арыз келип түшө элек дешкен.

«Ата-Журт Кыргызстан» кимге таандык?

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тиешелүү деген маалыматтар тараган. Ал эми Юстиция министрлигинин сайтында «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын жетекчиси катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн.

Маткеримов Камчыбек Ташиевдин айылдашы — ал 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган.

Ошондой эле 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Өткөн жылдын октябрында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган. Камчыбек Ташиев болсо шайлоодо «Мекенчил» партиясын баштап барган.

Мындан сырткары Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койду.

Ал эми Ташиев өзү 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынын курамында келген. Ага чейин ал парламентте 2005-2007-жылы депутат болгон.

Анткен менен Ташиев «Ата-Журт Кыргызстан» ага тиешелүү экенин четке каккан — Ташиев эгер партиялар анын атын жамынышса мыйзам чегинде чара көрүлөт деп билдирген болчу. Бирок ошол эле учурда уулунун аталган партия менен шайлоого аттанганын кубаттаган.