Камчыбек Ташиев шаардык кеңешке талапкер болгон уулуна «ийгилик» каалады

Камчыбек Ташиев жана Тай-Мурас Ташиев. Коллаж: Дастан Үмөтбай уулу / Azattyk.kg

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон уулу Тай-Мурас Ташиевге ийгилик каалады.

Бул тууралуу ал 30-мартта Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Балама ийгилик каалайм! Эгер ал Жалал-Абад шаарына депутат болуп, эл-журтка кызмат кылса мен кубанаар элем. Көчөдө жүргөндөн көрө элге кызмат кылсын», — деди Ташиев.

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Камчыбек Ташиевге караштуу деп айтылып жүрөт. Бирок Ташиев бул маалыматты чындыкка дал келбейт деди. Ошондой эле анын атын жамынып жүргөндөргө чара колдонулат деди.

Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаарында мотор майларын сатып иштеген «Томас и Ко» компаниясынын директорунун орун басары. Ошондой эле Ташиевдин уулу үч фирмага ээлик кылат: «Дени сак Кыргызстан», «Каныбек Ташиев атындагы футбол академиясы» жана «Мока Групп». Ташиевдерге таандык компаниялар күйүүчү май сатат.

«Ата-Журт Кыргызстан» — шайлоого биринчи жолу катышып жатканына карабастан 28 шаардын ичинен 21инде депутаттык мандат үчүн ат салышат.

Азыркы учурда партияны Айбек Маткеримов жетектейт — ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан 82-катар номери менен депутаттыкка талапкер болгон. Маткеримов Сузак аймактык оорукананын төрөт бөлүмүн жетектейт. 2016-жылы «Ата-Журт» партиясынан Барпы айылдык кеңешине депутат болгон.

Тема боюнча: Жалал-Абад: Ташиевдин уулу «Ата-Журт Кыргызстандан» шаардык кеңешке талапкерлигин койду