Кыргызстанда 29-марттан тарта коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Эмдөө өлкөнүн эки ири шаарынан — Бишкек жана Оштон, анын ичинде Чүй облусунун эки районунан башталды. Биринчи этапта врачтарды, мугалимдерди жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин эмдөө пландалууда.
Азыр COVID-19га каршы бир гана кытайдын SinoPharm вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Ал 19-мартта өлкөгө акысыз алынып келинген жана 75 миң адамды эмдөөгө жетет.
«Клооп» өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө кандай өтүп жатканын жана калың эл качан эмдөөдөн өтсө болоорун айтып берет.
Эмдөө кандай өтүп жатат?
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 7-апрелге чейин 849 киши эмделди. Азыркы учурда көбүнесе медицина кызматкерлери эмделүүдө.
Республикалык иммунопрафилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, эмделген кишилерде алсыздык, баш оору, эт ысуу сыяктуу симптомдор катталып жатат, бирок орчундуу терс таасирлер эч кимде байкалган жок.
Ишенапысованын айтымында, бир катар аймактарда 5-6-апрелден тарта эмдөө пункттары ачылып, вакцина сайыла башташы керек. Азырынча Бишкекте, Ошто жана Чүй облусунун Сокулук, Ысык-Ата райондорунда эмдөө жүрүп жатат.
«[Эмдөөгө] даяр аймактар менен облустар жергиликтүү штабдардын чечими менен эми кошула баштайт. Учурда чечимди штабдар чыгарып жатпайбы [...] Бул иш биз пландагандай эле бардык жерде башталышы үчүн аракет кылабыз. Вакциналар аба-ырайына байланыштуу Таластан тышкары бардык аймактарга жеткирилди. Бул жумада Таласка да жеткиребиз [...] Алар даярдыгына жараша эмдөөнүн алкагын кеңейте башташат», — деди Ишенапысова «Клоопко».
Эмнеге эмдөө алган медиктер аз болуп жатат?
Ишенапысова азыр Саламаттык сактоо министрлиги сандын артынан түшпөй турганын, бирок «белгиленген бир убакытка чейин бир топту эмдөөнү аягына чыгарууну» пландап жатканын белгиледи.
«Биз азыр көбүнчө сапатка көңүл буруп баштайбыз [...] Биз эч качан “ушул жумада 500-600 кишини эмдешибиз керек” деп максат койгон эмеспиз. Биз түшүндүрүп жатабыз — медиктер нөөмөттө болушат, ошондуктан эмдөө графиги алар үчүн ийкемдүү болушу зарыл», — деди ал.
Эмделгендердин саны аз болгонуна карабастан, Ишенапысова 15-20-апрелге чейин вакцинанын биринчи дозасынын баарын колдонуп бүтсө болот деп үмүт артууда. SinoPharm вакцинасы 25-28 күн аралык менен эки жолу сайылат. Ошол эле кезде, «министрлик дүкүлдөп, элдин баарын эрте эле эмдеп салайын деген ою жок» экенин баса белгиледи.
Вакцина алгандан кийин бирөө кайтыш болуптур деп уктум. Бул чынбы?
Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты четке каккан. 1-апрелге караган түнү ТИМдин кызматкери Бахтияр Шакиров кайтыш болгон. 2-апрель күнү эртең менен медиаэксперт Елена Баялинова маркумдун туугандары айткан маалыматка таянып, Шакиров SinoPharm препараты менен эмделгендердин биринчилери болгонун жазган.
Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты дароо четке кагып, Шакировдун денесинде мүнөздүү тактар жоктугун билдирген. Мындан тышкары, мекеме Шакиров вакцина алгандардын тизмесинде жоктугун белгилеген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ТИМ кызматкери «Цефтриаксон» антибиотиги сайылгандыктан жаралган анафилактикалык шоктон улам көз жумган.
Бирок бул окуя, Ишенапысованын айтымында, эмдөөнүн жүрүшүнө кедергисин тийгизген. Анткени, эмдөөдөн кийин каза болуп калган адам жөнүндө маалымат тарагандан кийин медиктер: «Силер бардыгын текшерип, чын-бышыгын айтмайынча, эмдөөгө барбайбыз», — деп айтышкан.
«Жума күнү эмделгендер өтө аз болчу. Көбү каршы болушту, бирок ишемби күнү эртең менен Баялинова эмоцияга алдырып жибергендиктен ошондой сөздү айтканына кечирим сурагандан кийин, биз кайра байланышка чыгып, жетекчилер, медиктер менен иштешип баштадык. Анын кечирим сураганын адамдар уккандан кийин, алар акырындап тынчып калышты. Албетте, алар баары дурус экенине көзүбүз жетсин дешет, бирок биз гана негизделген маалыматты беришибиз керек», — деди ал.
*Кийинчерээк Баялинова видео кайрылуу чыгарып, «биринчи жолу профессионалдык милдет, “ишен, бирок текшер” деген эреже менен эмоционалдык сезимдин ортосунда тандоодо туруп калганын» айткан.
«Эмоция жана бардыгыбызды мындай кесепеттен сактап калууга болгон далалатым жеңип кетти. Бул жерде коронавируска каршы эмдөөнүн дүйнө жүзүн каптаган саясий мүнөзү жөнүндө сөзбү же кадимки бейтапканадагы ийне саюу жөнүндө кеп болдубу, айырмасы жок», — деп белгилеген ал.
Мен эмдөөдөн өткүм келет. Бул үчүн эмне кылышым керек?
Тилекке каршы, азыр эмдөөдөн өтүү мүмкүн эмес. Азырынча калктын бардык катмары үчүн эмдөөнүн так күнү белгилүү эмес.
Кыргызстанда вакцинация үч этап менен өткөрүлөт. Биринчи этап башталып, көбүнчө медиктер эмделип жатат, ал эми экинчи жана үчүнчү этаптар качан башталары тууралуу али белгилүү эмес.
Экинчи этапта 60 жаштан жогорку курактагы, 60 жаштан ылдый болгону менен оорунун клиникалык факторлору жогору, өнөкөт оорулары барлар жана калктын аялуу катмарынын өкүлдөрү эмделет. Калган жарандар үчүнчү этапта гана эмделет.
Ишенапысованын айтымында, ванкцинациянын экинчи этабы алдын ала үстүбүздөгү жылдын май же июнь айында башталат, ал эми кийинкилери вакциналардын келгенине жараша болот. Ал эмдөөнүн бардык этабы декабрдын аягына чейин бүтүшү керектигин кошумчалады. Ошол эле кезде, анын айтымында, так мөөнөтү Орусия менен «Спутник V» вакцинасын сатып жана акысыз алууга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан көз каранды болот.
«Орусия биздин кайрылуубузду качан карап баштаса эле, биз аларга ноябрда эле кайрылганбыз [...] Азыр Москвадагы элчилигибиз да тартылды [...] Азыр Орусияда абал мындай — Роспотребнадзор да, Саламаттык сактоо министрлиги да, өкмөт да вакцина менен алектенбейт. Вакцинанын үстүндө Орусиянын Түз инвестициялар фонду иш жүргүзөт. Алар бул ишти жөнгө салышат. Өлкөлөрдү кезекке коюшат. Алардын азыркы саясаты — июнь-август, жаңы эпидемиологиялык мезгилге чейин өз калкын толугу менен эмдеп чыгыш керек.
Ошондуктан биздин кайрылуубуз дагы эле каралууда. Биз жок дегенде башка бир нече өлкө — Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанда вакцинация маселесин талкулоо үчүн [орус тарап менен] онлайн-жолугушууну сурандык. [Орус тарап] онлайн-жолугушууга макул болду, биз азыр ошого даярдык көрүп жатабыз» — деди ал.
Жеке клиникалардан эмдөө алууга болобу?
Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө препараттарды алып келебиз деген жеке клиникаларга эмдөө жүргүзүүгө уруксат берүүнү убадалап жатат. Мурда саламаттык сактоо министри ведомство «баалардын жеткиликтүү болушун көзөмөлгө» алат деп белгилеген болчу.
Өлкөдө кайсы вакциналар бар жана кайсылары келет?
Азырынча өлкөгө COVID-19га каршы Кытайдын SinoPharm вакцинасы гана келген.
Мындан тышкары, май-июнь айларынын аягында орус өндүрүшүнөн чыккан «Спутник V» вакцинасынын акысыз 500 дозасы келери күтүлүүдө. Бирок бул да так эмес, анткени бийлик препаратты алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү 2020-жылдын ноябрынан тарта эле жүргүзө баштаган. Ошондой эле, бийлик «Спутник V» вакцинасын сатып алаарын да билдирүүдө.
Саламаттык сактоо министринин орун басара Улук-Бек Бектурганов 6-апрелде бийлик 118 миң кишиге «Спутник V» вакцинасын сатып алуу пландалып жатканын айткан эле. Ал эми министр Алымкадыр Бейшеналиев өзү бюджеттен вакцина сатып алууга 215 млн сом бөлүнөөрүн билдирген.
AstraZeneca вакцинасы эмне болду? Ал бизге бекер келет деп айтылбады беле?
Ишенапысованын айтымында, Кыргызстан AstraZeneca (азыр Vaxzevria деп аталат) боюнча соңку чечимин чыгара элек. COVAX* программасынын алкагында Кыргызстан AstraZeneca’нын 1,2 млн дозасын алышы керек.
Марттын башында Германия жана Франция баштаган бир катар европа өлкөлөрү ушул вакцина менен эмдөөнү токтоткон. Буга эмдөөдөн кийин айрым адамдарда тромб пайда болгону себеп болгон. Бул билдирүүлөрдөн кийин Кыргызстан дагы вакцина алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоткон, ал эми Саламаттык сактоо министрлиги өлүм учурларынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын күтөрүн билдирген.
Ошол эле учурда, Европа Биримдигинин аймагында вакцинацияны координациялаган Европалык дары-дармек агенттиги жана ДССУ коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын пайдаланууну улантууну сунушташкан. Азырынча эмделген бейтаптар вакцинанын кесепетинен каза болгону али далилдене элек.
** COVAX — вакциналарды иштеп чыгуунун жана борборлоштурулган сатып алуунун демилгеси. Бул программа боюнча вакциналардын бир бөлүгүн экономикасы төмөн жана орто өнүккөн өлкөлөргө донорлор төлөп берет.
«Биз ДССУдан оң тыянак алсак дагы, азыр AstraZeneca алабыз деп айткан жокпуз*, бирок бир топ өлкөлөр андан баш тартууда, алардын ичинде Кыргызстан да бар [...] Азырынча биз башка изилдөөлөрдүн корутундуларын, башка өлкөлөр чыгарган чечимдерди күтүп жатабыз. Ошондой эле, биз азыр Жоопкерчилик жөнүндө макулдашууну даярдоо стадиясында турабыз**» — деди ал.
*Кыргызстан 22-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Глобалдык эксперттик комиссиясынын AstraZeneca вакцинасы боюнча корутундусун алган. Ага ылайык, AstraZeneca вакцинасынан кийинки терс таасирлер адамдын коштоочу оорулары болсо гана пайда болот.
** COVAX боюнча вакцинаны алардан мурун, өлкө Жоопкерчилик жөнүндө макулдашууну жибериши керек.