Мурдагы депутат Токтогул Туманов пневмониядан каза тапты

Маркум Токтогул Туманов

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Токтогул Туманов 6-апрелде пневмониядан каза болду. Ал 55 жашта болчу.

Бул тууралуу Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев «Азаттык» басылмасына ырастады.

Анын айтымында, маркум ооруканага бир апта мурун жаткырылган. Ага чейин ал үй шартында дарыланып жүргөн болчу.

Туманов Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. 1992-жылы К. И. Скрябина атындагы Кыргызстан айыл-чарба институтун бүтүрүп, эмгек жолун ошол эле жылы Жалал-Абаддагы «Келечек» ЖЧКсынан баштап, директорлук кызматка чейин жеткен.

Ал эми саясатка 2004-жылы келген. Алгач Жалал-Абад шаардык кеңешке депутат болгон. Андан соң 2010-жылы Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен парламентке келген. Ошондой эле, Туманов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу «Мүлк» мамлекеттик ишканасын жетектеген.