Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде уурдалып, андан соң киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ИИМдин 44 кызматкери жазаланды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 9-апрелде маалымдады.

Ага ылайык, ээлеген кызматтарынан ИИМдин 12 жетекчиси жана кызматкери бошотулду. Алардын арасында Бишкек ШИИББинин жетекчиси Бакыт Матмусаев жана Тергөө кызматынын начальниги Нурлан Утемисов бар.

Ал эми 27 милиционер «Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасын алды. Ошондой эле, 5 кызматкерге «Катуу сөгүш берилди».

Мындай чечим ИИМдин кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кабыл алды. Тиешелүү буйрукка министр Улан Ниязалиев кол койду. Анда «өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгынын натыйжасында коюлган тапшырмалар жана талаптар одоно бузулган» деп айтылат.

Кызматынан бошотулгандар:

  • Бишкек ШИИБинин начальниги, милициянын полковниги Бакыт Матмусаев;
  • Бишкек ШИИБинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын полковниги Эрлан Атантаев;
  • Бишкек ШИИБинин Тергөө кызматынын начальниги, милициянын полковниги Нурлан Утемисов;
  • Биринчи май РИИБнын начальниги, милициянын полковниги А.Казакеев;
  • Биринчи май РИИБнын начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары, милициянын полковниги И. Базаркулов,
  • Биринчи май РИИБнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын полковниги К. Суранчиев,
  • Биринчи май РИИБнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын полковниги А. Озубеков,
  • Биринчи май РИИБнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын улук лейтенанты Б. Абдиллаев,
  • Биринчи май РИИБнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын майору Ж. Тукешов
  • Биринчи май РИИБнын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны У. Арыкбаев
  • Чүй ОИИББнин КККнын Нөөмөт бөлүмүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын капитаны Ч. Абыкеев
  • Чүй ОИИББнин КККнын нөөмөт бөлүмүнүн инспектор-нөөмөтчүсү милициянын подполковниги М. Үмөталиев.

Тартиптик жаза алгандар:

  • Бишкек ШИИББнин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын полковниги М. Насировго;
  • Бишкек ШИИББнын КККнын башчысынын орун басары, ошол эле ыкчам чара көрүү борборунун жетекчиси, милициянын полковниги М.Буларкиевге;
  • Бишкек ШИИББнын КМКнын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги У. Орозалиевге;
  • ЖКККББнын Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын полкунун командиринин орун басары, милициянын капитаны У. Саргашкаевге;
  • Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери, милициянын майору С. Байгазиновго;
  • Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын капитаны М. Насирдиновго;
  • Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын подполковниги М. Карабаевге;
  • Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери, милициянын майору М. Турумтаевге,
  • Биринчи май РИИБнын Тергөө кызматынын жетекчиси, милициянын капитаны Н. Тургуналиевге;
  • Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын КМКнын башчысы, милициянын подполковниги Э. Үкүбаевге;
  • Биринчи май РИИБнын КККнын начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги Э. Тыналиевге;
  • Биринчи май РИИБнын Тергөө кызматынын башчысынын орун басары, милициянын майору Т. Абдукагаровага;
  • Биринчи май РИИБнын №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери, милициянын лейтенанты Н. Емиловго;
  • Биринчи май РИИБнын КМКнын улук ыйгарым укукту оперкызматкери, милициянын майору М. Бейшеналиевге;
  • Биринчи май РИИБнын №5 ШМБнын КМКнын улук ыйгарым укукту оперкызматкери, милициянын капитаны Б. Торгоевге;
  • Биринчи май РИИБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери, милициянын капитаны Т. Саткинбаевге;
  • Биринчи май РИИБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери, милициянын лейтенанты Ч. Төлөмүшовго;
  • Биринчи май РИИБнын №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери, милициянын лейтенанты Таалайбек уулу Искендерге;
  • Биринчи май РИИБнын ТКнын тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Сагынбек уулу Нурсултанга;
  • Биринчи май РИИБнын ТКнын тергөөчүсү, милициянын капитаны А. Каримовго;
  • Биринчи май РИИБнын №5 ШМБнын начальниги, милициянын майору З. Эргешовго;
  • Биринчи май РИИБнын КМК ага ыкчам кызматкери, милициянын майору М. Тороевге,
  • Биринчи май РИИБнын ЖЖБнүн жетекчиси, милициянын капитаны Эдилбек уулу Бактиярга;
  • Биринчи май РИИБнын ЖӨИнын башчысы, милициянын капитаны М. Адиловго;
  • Чүй ОИИББнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча начальниктин орун басары, милициянын полковниги А. Савыралиевге;
  • Чүй ОИИББнын КККнын начальнигинин орун басары, ал эле нөөмөт бөлүмдүн начальниги милициянын полковниги Т. Анарбаевге;
  • Чүй ОИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бөлүмчөсүнүн начальниги, милициянын майору М. Султаналиевге.

«Катуу сөгүш» алгандар:

  • Бишкек ШИИББнын криминалдык милиция кызматынын башчысы, милициянын полковниги У. Айтбаевге;
  • Бишкек ШИИББнын СКБнын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги А. Исмаиловго;
  • Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери, милициянын майору К. Малабаевге;
  • Биринчи май РИИБнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын подполковниги А. Тентиевге;
  • Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары, ошол эле КККнын начальниги милициянын полковниги А. Ажыбаевге.

Айзаданын өлүмү

Айзада Канатбекова 5-апрелде Бишкек шаарында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кишилер тарабынан уурдалган. Окуя видео байкоочу камерага түшүп калган. Ошол эле күнү анын апасы милицияга кайрылып, уурдагандарды таап, чара көрүүнү талап кылган.

Эки күндөн кийин Аламүдүн районундагы талаадан «Хонда Цивик» автоунаасынан Канатбекованын жана аны өлтүрүүгө шектелген Замир Теңизбаевдин сөөгү табылган. Алдын ала маалымат боюнча, кызды уурдаган Теңизбаев алгач аны муунтуп, андан кийин өзүнө бычак сайып өлгөн. Кийинчерек Канатбекованы уурдоого жардам берүүгө шектелип төрт киши кармалган. Алар милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Бул окуя коомчулукта нааразычылык жаратып, Бишкек жана Ош шаарларында аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митингдер өткөн. Жарандык активисттер ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков менен Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаевдин отставкага кетүүсүн талап кылышкан.

Канатбекованын жакындары да милициянын ишине нараазы болушкан. Кыздын апасы Назгүл Шакенованын айтымында, Уларбек аттуу тергөөчү «ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар» деген сөздөрдү айткан. Ошондой эле, шектүү тууралуу бардык маалыматтарды беришкени менен милиционерлер убагында реакция кылышкан эмес дейт.

9-апрелде Башкы прокуратура Канатбекованын уурдалышы боюнча милициянын аракеттерин иликтей тургандыгын кабарлаган. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн «Шалаакылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.