Ош: №5278 добушканасына шайлоочулар белгиси бар беткап менен келишти

Ош шаарындагы №5217 шайлоо участкасында шайлоочулар белгиленген беткап тагып келишти. Бул тууралуу маалыматты «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапакер болгон Асранкул Жээнкулов кабарлап, фейсбука тасма жүктөдү.

Мындан сырткары, Азамат Бакиров аттуу фейсбук колдонуучу ушул участоктон сүрөт жарыялады. Анда да шайлоочулар белгиленген беткап такканын көрүүгө болот

Видеонун автору шайлоочулардан «белгиси бар беткапты кайдан алышканын» сураганда, «ушундай беткап сатылып жатат» деп жооп беришкен. Бирок автор шайлоочулардын бирине дагы бир жолу «беткап кайда таратылып жатат» деп сураганда «жок, айтпайм» деп сөзүн аяктаган.

Дал ушул шайлоо участогунда өткөн жылкы парламенттик шайлоодо шайлоочулар кийимине «ийне» кадап алып добуш беришкен. Буга «Клооптун» журналисттери күбө болушкан.

«Клооп» өлкө боюнча дээрлик ар бир шайлоо тилкесинде мыйзам бузууларды каттап турат. Ал үчүн 3000 байкоочу иштеп жатат. Мыйзам бузууларды билгиңиз келсе биздин сайтты жана социалдык тармактагы баракчаларыбызды акмалап туруңуз.