Ошто «шайлоочуларды ийне менен белгилеп» жатышат

4-октябрда Ош шаардык мэриясынын алдындагы №5278 шайлоо участогунда шайлоочуларды жапырт ташып келүү учурлары катталды. Белгисиз кишилер шайлоочулардын кийимине ийне кадап, атайын белгилеп жатышат.

Кийимине ийне сайылган тасмадагы киши комментарий берүүдөн баш тартты. Буга чейин ал адамдарды белгисиз кишилер тизмеден текшерип, каттаган.

Алдын ала маалымат боюнча, бул ыкма менен партиялар өздөрүнүн шайлоочуларын белгилеп жатышат. Ал эми шайлоо участогунда «белгиленген» шайлоочуларга алдын ала партияга добуш берилген бюллетендер берилет.

«Кийимдерине ийнелерди сайып жатышат. Ошул сыяктуу ийнелер башка шайлоочуларда да байкалууда. Шайлап чыккандан кийин ийнени кайра алып салып, андан кийин акча беришет деген маалымат бар», — деди «Клооптун» журналисти.

Мындан сырткары, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова фейсбук баракчасында сүрөт жарыялады. Анда аялдын беткабында тегерек белгини көрүүгө болот.

Новые технологии контроля за подкупленными избирателями - маски с меткой.

Posted by Клара Сооронкулова on Saturday, October 3, 2020

ТЕМА БОЮНЧА:

LIVE: Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшү