Референдум жакшы уюштурулду, бирок мыйзам бузуулар катталды — Европа биримдиги

Европа биримдиги Кыргызстанда 11-апрелде өткөн жаңы Конституция боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого байланыштуу билдирүү жасады.

Референдум тууралуу

Билдирүүдө көз карандысыз эксперттин пикирине таянуу менен Конституция боюнча референдум «жакшы уюштурулуп өттү» деп айтылат. Ошондой эле, байкоочулар админресурс колдонуу фактыларын жана жаңы Конституцияны кабыл алуунун пайдасына үгүттөөдө бузууларды катташканы белгиленет.

«Жаңы Конституциянын жоболорун ишке ашыруу үчүн мыйзамдык актылар Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын жана ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар бюросунун 2021-жылдын 19-марттагы биргелешкен укуктук корутундусун эске алып, аны менен катары Кыргызстандын эл аралык милдеттерине ылайык иштелип чыгышы керек.

Бул корутундуда жаңы Конституциянын айрым жоболору бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун сакталышына жана демократия менен мыйзамдын үстөмдүгүнө зор мааниси бар адамдын жеке эркиндигинин сакталышына коркунуч жаратары айтылган», — деп жазылат билдирүүдө.

Тема боюнча: Конституциянын долбоорунун жоболору эл аралык стандартка туура келбейт — Венеция комиссиясы

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо саясий партиялардын ортосундагы атаандаштык шартында өттү, ал эми жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квота киргизүү «гендердик тең салмактуулукка, инклюзивдик өкүлчүлүккө карай жагымдуу кадам» деп белгиленет билдирүүдө.

«Аны менен кошо көзкарандысыз байкоочулар көбүнесе добуш сатып алуу, добуш берүү купуялыгын жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин бузууга байланыштуу фактыларга дагы көңүл бурушту», — деп айтылат билдирүүдө.

Европа Биримдигинин баамында кыргыз бийлиги шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды эл аралык стандарттарга жараша жакшыртып, аларды так сактоо аркылуу мыйзам бузуулардын келип чыгышын болтурбашы керек.

«Европа биримдиги Кыргызстанга реформа программаларын илгерилетүүдө жана аларды ишке ашырууда боло турчу көйгөйлөрдү чечүүдө колдоо көрсөтүүсүн улантат», — деп айтылат билдирүүдө.

Шайлоодогу бузуулар

«Жалпы иш» фонддун байкоочулары шайлоо күнү Бишкекте 65, Ошто 36 мыйзам бузууну каттаган. Алардын ичинен:

Добуш берүүнүн купуялыгын бузуу — 16 участкада;

Добуш берилүүчү күнү үгүт жүргүзүү — 9 участкада;

Байкоочунун укугунун бузуу — 4 участкада;

Добуш сатып алуу — 7 участкада катталган.

«Клооптун» байкоочулары да добуш берүү күнүндө шайлоо участкаларында мыйзам бузуулардын баарын каттап жатышты. Реалдуу убакыт режиминде жаңыланып жаткан дашборддун маалыматы боюнча, шайлоо күнү байкоочулар 800дөн ашуун мыйзам бузууну катташты.

Алардын ичинен 300ү шайлоо жүрүп жаткан кезде болгон.

Шайлоо участкаларында көбүнчө Автоматташтырылган электрондук эсептөөчү урналар (АСУ) иштен чыккан учурлар абдан көп болгон.

Андан тышкары, биздин байкоочулар тарабынан добуш берүүнүн купуялыгын бузуу, участканын айланасында айрым партиялардын жана талапкерлердин адамдары үгүт жүргүзгөнү боюнча фактылар катталган.

Жаңы Конституцияга «макул» болгондор 1 млн 59 миң 476 киши, же 79,24%, ал эми «каршы» болгондор 182 миң 553 киши же 13,66% добуш берди. Референдумга добуш берген жарандардын жалпы саны 37,08%ды түздү.

Мындан тышкары, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, Бишкек шаардык кеңешине 6, Ош шаардык кеңешине 4 партия өттү.

Дагы окуңуз: Шайлоо-2021: «Клооптун» байкоочулары участкаларда кандай мыйзам бузууларды каттап жатышат?

Шайлоо-2021. Шаардык кеңештерди шайлоонун жыйынтыгы — түз эфир