Референдумга 37,08% шайлоочу келген, Конституция үчүн 79,24% эл добуш берди — Шайлдабекова

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-апрелде өткөн брифингде шайлоо комиссиясы 98% УШКнын жыйынтыгын алганын кабарлады.

Анын айтымында Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берген жарандардын жалпы саны 37,08%ды түздү.

«Жалпы 3 млн 606 миң 201 тизмеге референдумдун катышуучусу кирген. Алдын ала маалыматтар боюнча жалпысынан референдумдагы добуш берүүгө 1 млн 336 миң 743 жаран катышып, бул референдумдун катышуусунун 37,08ди түздү» — деди ал.

Жаңы Конституцияга «макул» болгондор 1 млн 59 миң 476 киши, же 79,24%, ал эми «каршы» болгондор 182 миң 553 киши же 13,66% добуш берди.

Шайлдабекованын айтымында, чет өлкөлөрдө ачылган 48 участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгы келе элек.

«БШК референдумдун жыйынтыгын участкалардан келип түшкөн маалыматтардын негизинде шайлоо өткөндөн кийин 35 күндө чыгарат. АШКлар ар бир түшкөн арызды карап, шайлоонун жыйынтыгын чыгарат. Кол санак башталды, маалыматтын баары биздин сайтка жайгаштырылат. Эгерде тизмеге кирген шайлоочулардын 30%дан көбүрөөгү катышкан болсо референдум өттү деп эсептелет. Акыркы жыйынтык кол санактын жыйынтыгына жараша аныкталат, АСУнун маалыматтары алдын ала маалымат деп эсептелет», — деди Шайлдабекова.

Жараксыз бюллетендер жана мыйзам бузуулар тууралуу

Мындан тышкары, 92 миңден ашуун бюллетень БШК тарабынан жараксыз деп табылды.

«Бул чоң көрсөткүч, бирок добуш бергендердин 1%нан аз. Шайлоочулар муну атайылап кылдыбы, же кокустан кылдыбы, айта албайм. Бюллетендерде эки графада тең белги коюлса, же эч бирине коюлбаса, анда алар жараксыз деп табылат. АСУлардын маалыматы боюнча, 90 миңге жакын бюллетень жараксыз деп табылды, бирок кол санак менен эсептегенде комиссиянын чечими менен алар жарактуу деп табылышы мүмкүн», — деди Шайлдабекова

Ошондой эле БШКнын төрайымынын айтымында, комиссияга мыйзам бузуулар тууралуу 305 арыз келип түшкөн. Шайлдабекова белгилегендей, эгерде мыйзам бузуулар тастыкталса, анда Боршайком участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарат.

«Мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөр болуп атты. Укук коргоо органдары алардын баарына өз убагы менен реакция кылып жатты. Келген арыздын баары каралат», — деди ал.

11-апрелде «Клооптун» 3 миңге чукул байкоочусу жана журналисттери өлкө боюнча шайлоо участкаларында 836 бузууну катташкан. Көбүнесе шайлоо учурунда автоматтык эсептөө урналары иштен чыккан. Мындан тышкары, биздин байкоочулар добуш берүү купуялуулугу бузулган фактыларды, шайлоо участкалардын алдында үгүт жүргүзүүлөрдү каттаган.

Тема боюнча: Шайлоо-2021: «Клооптун» байкоочулары участкаларда кандай мыйзам бузууларды каттап жатышат?