ИИМ «саясий кастыкты козутуу» үчүн жоопкерчиликке тартууну сунуштады

Ички иштер министрлиги Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбоору Жазык кодексинин «Экстремисттик уюмду түзүү» жөнүндө 314-беренесине өзгөртүү киргизүүнү сунуштайт. Тактап айтканда, берененин биринчи абзацы «саясий» деген сөз менен толукталат.

Өзгөртүү киргизилгенден кийин берене мындайча болот: «Иши улуттук, этностук, расалык, саясий, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу, улуттук ар-намысты кемсинтүү, жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы, жашаган жеринин белгилери боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын, же болбосо начардыгын пропагандалоо менен коштолгон экстремисттик уюмду түзүү, жетектөө»

Тактап айтканда, долбоорго ылайык, жарандар «саясий кастыкты козуткандыгы үчүн» Кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бирок бул «саясий кастык» деген аныктамага эмнелер кирери белгисиз.

«Саясий кастык» менен толукталган «Экстремисттик уюм түзүү» беренесинин биринчи бөлүгүндө эки жылга чейин кандайдыр бир кызматтарга дайындоо укугу чектелип, эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде мыйзам экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Конвенциясына ылайык иштелип чыкканы айтылат. Ошондой эле максаты катары экстремисттик уюмдун ишине тартуу, көндүрүү, азгырып жалдоо жана экстремисттик ишмердикти каржылоо үчүн жазык-укуктук ченемдерди жакшыртуу эсептелинери көрсөтүлгөн.

«Шанхай кызматташтык уюмунун Конвенциясында “экстремизм” жана “экстремисттик акт” түшүнүктөрүндө саясий деген экстремисттик аракеттин өзүнчө белгиси бар. Ушуга байланыштуу, 314-беренесинин 1-бөлүгүнө экстремисттик уюмдун аракеттери түшүнүгүнө саясий кастыкты козутуу үчүн жоопкерчиликти киргизүү сунушталып жатат», — деп айтылат документте.

«Жөнөкөй жарандар жапа чегет»

Бирок юристтер бул демилгени сынга алышты. Мисалы, юрист Сания Токтогазиева ИИМдин демилгесин «куру келжирек» деп атады.

«Ушундай мыйзамдардын айынан жөнөкөй жарандар жапа чегип жатат, акырын салып коюшкан баңгизат, акылсыздык жана социалдык тармактардын чаттары менен сим карталарды колдонуудагы илээндилик үчүн түрмөдө отурушат», — деп жазган Токтогазиева фейсбук барагында.

Өкмөттүн дарегине сын айткандардын катарында юрист Нурбек Токтакунов дагы бар. Ал өзүнүн фейсбук барагына саясий тирешүү — бул нормалдуу көрүнүш деп жазды.

«Саясатчылар канчалык бири-бири менен атаандашып, бетин ачып турса, уурулук ошончо азайып, өлкөдө тартип орнойт. Ал эми саясатчылар тирешпей калганда, демек өлкөнү жана анын байлыктарын жең ичинен бөлүп алган болот. Бийлик башындагы топ өлкөнү болгон байлыгы менен кошо саясатчылар арасында кенен бөлүштүрүүгө даярданып жаткан сыяктанат», — деп эсептейт юрист.