Кыргызстандык балбан кыздар Азия чемпионатында «алтын» жана «күмүш» медалга ээ болушту

Алматыда кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Чемпионатта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы 66 кг чейинки салмак категориясындагы мелдеште «алтын» жана «күмүш» медалга ээ болушту. Бул тууралуу «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» билдирет.

Уюмдун маалыматына ылайык, Мээрим Жуманазарова чемпиондук титул үчүн финалдык беттеште монголиялык Делгерма Энгсайхананы жеңген. Ал эми Айпери Медет кызы казакстандык Элмира Сыздыковадан жеңилип, күмүш медалга татыган. Кыргызстандык эки балбан кыздын тең Токиодо өтөт турган Олимпиада оюндарына жолдомосу бар.

Буга чейин Кыргызстан ушул эле таймашта колого ээ болгон: 59 килограммга чейинки салмак категориясында кыргызстандык спортчу Нураида Анаркулова атаандашы өзбек спортчусу Дульфуза Аимбетованы жеңип алган.

Бүгүн 62 кг салмакка чейинки категориядагы медалдар үчүн беттешке кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен Назира Марсбек кызы чыгат.