«Өлүп калбасам иче берсе болот». Саламаттык сактоо министри «уу коргошунду» ичип көрсөттү

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелде «уу коргошун» тууралуу маалымат берди. Буга чейин президент Садыр Жапаров «уу коргошун» коронавирустан айыктыра турганын билдирген.

*«Ысык-Көл тамыры» же «уу коргошун» медицинада «Жунгар аконити» деп аталат. Аконит уулуу өсүмдүктөрдүн катарына киргени менен салттуу медицинада колдонулат. Анткен менен «уу коргошундан» жасалган суюктукту ичип каза болгондор да жок эмес.

Бейшеналиев алар буга чейин «Ысык-Көл тамыры» менен COVID-19 менен ооругандарды дарылап жүргөнүн, бирок бул ачыкталбай келгенин билдирди. Министр «дарылоо» ыкмасы ыктыярдуу түрдө жүрүп жатат деп ишендирди.

«Министр катары ушуга керт башым менен жооп беремин деп, инфекциялык ооруканалардын “кызыл зонасындагы” дарыгерлери менен жолугуп, баарын чакырып, кандай кылып бериш керек экенин үйрөтүп, бере баштадык. Жыйынтыктар бар», — деди Бейшеналиев.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө министр кайнатылган «уу коргошунду» ичип көрсөттү.

«Ысытып туруп ичиш керек. Үйдө чай ичкендей эле, сүйлөшкөнчө эле иче бериш керек», — деп Бейшеналиев уу коргошундан жасалган суюктукту ичип жатып айтты.

Ошол эле учурда Бейшеналиев «Жунгар аконити» дары катары катталбаганын жана клиникалык изилдөөлөр жүрүп жатканын белгиледи. Ал эми журналисттердин бири кандай кепилдиктер бар деген суроону узатканда, министр «мен азыр өзүм кепилдик болуп жатамын да, мен өлүп калбасам иче берсе болот турбайбы дейсиңер» деп жооп берди.

«Дозасын Жапаровдон сурап жатамын»

Алымкадыр Бейшеналиев «уу коргошундун» так дозасын Садыр Жапаров билерин айтты. Анын айтымында, президентке дары жасоону анын атасы Нуркожо Мустали уулу үйрөткөн.

«Бизге 15 күндөн бери Садыр Нуркожоевич өзү бизге дозасын кандай кылыш керек [айтып берип жатат]. Мисалы “100 литр сууга канча кошуу керек” бизге [маалымат] берип жатат [...] Мен профессор катары дагы санап бере албай жатамын. Эки күндүн биринде Садыр Нуркожоевичтен сурап жатамын: “сиз бизге дозасын тактап бериңиз, биз кайнатып берели” деп», — деди Бейшеналиев.

Жапаров 2020-жылдын апрель айында абакта отуруп, «уу коргошунду» коронавируска каршы колдонуу керектигин ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго сунуштаган. Бирок Жээнбеков анын сунушун колдоого алган эмес.

Жапаров бийликке келгенден кийин уу коргошундан жасалган суюктук кыргыз медицинасында пайдаланып жатканы ачыкталды. Муну Саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министри Бейшеналиев өзү тастыктады.

Анткен менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова «уу коргошун» же «Ысык-Көл тамыры» COVID-19дан айыктырбайт деп билдирди. Ал эми далилдөөчү медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова «уу коргошун» менен дарылануу өтө кооптуу болгонун жана аны пайдалануу туура эместигин белгиледи.