Өлкөдө коронавирустун 265 жаңы учуру катталып, 2 бейтап каза болду

Республикалык штаб соңку 24 саат ичинде коронавирустан 2 бейтап каза тапканын кабарлады. Эки өлүм тең Бишкекте катталды.

Штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 1 546 киши коронавирустан көз жумду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлагандай, соңку 24 саатта COVID-19 265 кишиде аныкталды. Ооруга жаңы чалдыккандардын эң көбү Бишкекте.

  • Бишкек — 148;
  • Чүй облусу — 80;
  • Ысык-Көл облусу — 12;
  • Жалал-Абад облусу — 6;
  • Нарын облусу — 6;
  • Ош облусу — 4;
  • Талас облусу — 4;
  • Ош шаары — 3;
  • Баткен облусу — 2.

Министрликтин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруунун 91 639 учуру катталган.

Штабдын айтымында, 152 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Пандемия башталгандан бери COVID-19 же ооруканадан тышкары пневмониядан Кыргызстан боюнча 86 773 бейтап айыккан.

Сутка ичинде медиктер арасында коронавирустун 9 жаңы жуктуруу фактысы катталган. Пандемия башталгандан бери 4 350 медкызматкерде COVID-19 жуктурганы ырасталып, 4 264ү дарттан арылган.

Ошондой эле, 17-апрелге карата берилген маалымат боюнча, 1 130 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын 38и өтө оор абалда. Мындан сырткары 1 223 киши үй шартында дарыланууда.