Парламентке Жумалиевдин ордуна Аманкул Токтомамбетов депутат болуп келди

Кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана билим берүү ишмердиги үчүн лицензияны мыйзамсыз алган деп шектелген депутат Кубанычбек Жумалиев 21-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясында депутаттык мандатын тапшырды. Ал мандатынан өз калоосу менен баш тартты

БШК Жумалиевден бошогон мандатты «Бир-Бол» партиясынын тизмесинде кийинки орунда турган Аманкул Токтомамбетовго тапшырды.

Аманкул Токтомамбетов деген ким?

Жаңы депутат тууралуу жарытылуу маалымат деле жок. Ал 2015-жылы «Бир Бол» партиясы менен 26-катарда парламенттик шайлоого катышкан. Юстиция министрлигинин маалымат базасында катталган эмес.

Бирок 2005-жылдын аягында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун судьясы болгону белгилүү. Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев 2005-жылы Токтомамбетов судьялык кызматта турганда ага үчүнчү квалификациялык классты тапшыруу тууралуу буйрукка кол койгон.

Кийинчерээк, 2013-жылы Токтомамбетов Ысык-Көл облустук соттун судьясынын кызмат ордуна дагы талапкер болгон. Бирок, «Koom.kg» коомдук анализ институтунун маалыматы боюнча, ал талапкерлигин өз ыктыяры менен чакыртып алган.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Коррупцияга айыпталган Кубанычбек Жумалиев депутаттык мандатын тапшырды