Коррупцияга айыпталган Кубанычбек Жумалиев депутаттык мандатын тапшырды

Кубанычбек Жумалиев

Борбордук шайлоо комиссиясы 21-апрелдеги отурумунда «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевди мандатынан ажыратты. Маалыматка ылайык, Жумалиев 13-апрелде мандатын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө арыз жазган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жумалиевди 4-февралда «Коррупцияга» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектеп, ал 2 айга тергөө изоляторуна киргизилген.

Атайын кызмат депутат өзүнө таандык Эл аралык медициналык университеттин ишмердүүлүгүнө лицензияны мыйзамсыз алганын аныктаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Жумалиев лицензия алуу үчүн билим берүү министрлигине «кысым көрсөткөн».

Ошондой эле УКМК Жумалиевге байланыштуу адамдар жана чарба субъектилери «мыйзамсыз» байышкан, кылмыштуу кирешелерди адалдаштырган жана ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качышкан.

Тергөө депутат жана анын айланасындагы адамдарга 78 кыймылсыз мүлк объектилери жана түрдүү компаниялар катталганын аныктаган. Анын ичинде «Таатан» жана «Гоин» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, телерадиокомпания жана темир комбинаты бар.

Депутат абакка киргизилгенден кийин «Бикард» жеке клиникасында да дарыланып чыгууга үлгүргөн. Кийинчерээк Жумалиев мамлекетке 1 млрд сомду түзгөн коммерциялык активдери менен кыймылсыз мүлктөрүн өткөрүп берген. Биринчи май райондук соту муну жана «Жумалиевдин ден соолугун жана жаш курагын эске алып» 12-апрелде аны эч жака кетпөө шарты менен бошоткон.

Жумалиев мамлекетке өткөргөн мүлктөрдүн арасында цемент заводу да болгон. Депутат аны өз каалоосу менен өткөрүп бергенин кабарлаган.