Өзгөндөгү нааразычылык акциясы. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / Azattyk.kg

Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын 150гө жакын тургуну Кемпир-Абад суу сактагычы ээлеген жерди жана анын жээгиндеги жерлерди Өзбекстанга берүүгө каршы мөөнөтсүз акция баштады. Алар боз үй тигип, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышууда. Мындай нааразычылык акциясы Кара-Суу районундагы Ынтымак айылында да болуп өткөн.

Акциянын катышуучуларынын бири Жумамидин Сопуев алардын талаптарын бир гана президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев аткара алышарын айтат.

«Бизге жеткен маалымат боюнча Кемпир-Абадга плотина курулуп жатканда СССР маалында эки тараптуу келишим түзүлгөн экен. Ошол келишимди архивден алып келип элге көрсөтүүнү талап кылып жатабыз. Союз мезгилиндеги чек ара ошол боюнча калсын. Мындан сырткары Өзбекстан компенсацияларды төлөп берсин. Анан бизге куруп бермек болгон каналды аягына чейин чыгарсын деген талап коюп жатат» — деди Сопуев.

Анын айтымында, эгерде коңшу өлкөгө жер берилип кетсе эл жайытсыз калат.

Ошондой эле, ал Араван жана Кара-Суу райондорунун дыйкандары эгиндерин Шаркан-Сай каналы аркылуу барган суу менен суугарарын айтып, эгер жерлер өтүп кетсе башка райондор да суусуз кала тургандыгын белгилеген.

Ал эми 82ге чыккан карыя Өзбекстанга берилет деген жерге буга чейин жүгөрү жана шалы эгип келгенин айтат. Ал чек ара маселеси боюнча делегация алгач жергиликтүү тургундар менен жолугушушу керек эле деген пикирде.

«Комиссия Өзбекстанга барардан мурда берилет деген жерлерди жеринен көрүп, жашоочулар менен сүйлөшүп, анан ал жака барып протокол түзүшү керек болчу. Өзбекстанга ушундай эле суу керек болсо анда сатып алсын! Кемпир-Абаддын жери биздики, биз бербейбиз! Башка кайрак жерден бере берсин, суулу жерди бербейбиз», — дейт ал.

Башка бир тургун Ташиевге кайрылып жер маселесин чече алышпаса ошол боюнча калтырууну талап кылды. Ал келечекте билимдүү жаштар чыкса чечип алышат деди.

Нааразычылык акциясына чогулгандарга Ош облусунун башчысынын орун басары Бактыбек Алайчиев келди. Ал атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевге чогулгандардын талаптарын жеткире тургандыгын убадалады.

«Азыр райондук администрациянын кызматкерлери протокол түзүштү. Бул протколго элдин талабын кошуп, биз бүгүн жөнөтөбүз. Анан УКМКнын башчысы кайсы күндөгү программасына киргизет аны дагы карап көрөт. Биз Ал өзү келсе дагы эл менен жолугуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт», — деди ал.

Тургундардын бири Алайчиевдин иш-аракетин сынга алды. Ал ага «кресло» керек деп айыптады.

«Бактыбек картаны билет. Бирок билип туруп ушул ишти кылып атат. Эгер ал комиссиянын курамында болбогондо, Ташиев менен жолукпаганда Бактыбекке тарынбайт элем. Мен азыр аны күнөөлөп турам. Протоколго кол коюп атканда кантип жүрөгү оорубайт? Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев Кемпир-Абадды билет беле? Билбейт. Алар Бактыбекти билет деп алып барса, ал кол койду. Сени элдин бардыгы билет. Биринчи жер адиси болуп келгенсиң, кийин директор болуп иштегенсиң» — деп нааразы болду ал.

Ал эми Алайчиев «ишке тырмышып отуруп алган жерибиз жок» деп жооп кайтарып, ошол жерде «сиз айткан сөздөрдү мен айттым» деди.

«Ошол жерде талаптардын бардыгын мен койдум. Ачык айтканда кол койгон жокмун. Ал жерде протоколгон премьер-министр менен бир гана комиссиянын төрагасы кол койду», — деди өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары.

Андан соң чогулгандар 28-апрелде кайрадан ушул жерде Ташиевдин, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун, саясатчы Жеңиш Молдокматовдун жана жергиликтүү кеңештин депуттаттарынын келишин күтө тургандыгын айтышты. Бул күнү элдин жыйын болушу күтүлүүдө.

«Туугандар, мен да Кароол айылынан келдим. Баарыңар Савай айыл өкмөтүндө өткөн чогулушту көргөнсүнөр да? [...] Менин айтайын дегеним УКМКнын башчысы биз менен жолукканга шайлоодо алып жүргөн аялдарды алып келбей эле койсун! Савайга да ошолдорду алып келип, кол чаптырып отурганын көрдүңөр да, сураналы “дежурныйларын” алып келбей эле койсун», — деди тургундардын бири.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин 19-апрелде Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушуусуна жергиликтүүлөрдөн сырткары бир нече аял келген. Алардын арасында «Элет көйгөйү» коомдук бирикмесинин төрайымы Марипа Алыйкулова да бар болчу. Ал уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын урматына өткөн митингде чагымчылдык кылган. Ошондой эле ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылгандарды «ЛГБТ өкүлдөрү» деп атап, «силер салтка каршы чыгып жатасыңар» деп айыптаган.

Ал эми Кызыл-Октябрь айлынын тургуну Рано Исмаилова нааразычылык акциясы болуп жаткан жерден Ташиев келгенге чейин эл тарабай тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, кыргыз үйлөр ошол үчүн тигилген.

Бир күн мурун ушундай эле акцияга Куршаб айылынын тургундары чыгышып Ташиевден Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы 50 гектар жердин берилиши боюнча протоколду жокко чыгарууну талап кылышкан.

Кара-Сууда өткөн нааразычылык акциясы

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация 24-25-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Андан кийин 30-мартта Ош облусунун Өзгөн районунда жергиликтүүлөр менен жолугушкан. Анда ал Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 100 гектар жерди сураганын айтып, бирок Кыргызстан 50 гектарын берүүгө макулдашылганын билдирген.

Мындан сыткары, Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы Өзбекстанга өткөнүн белгилеген. Ал бул чечимди туура деп айтып, суунун деңгээли түшкөндөн кийин жергиликтүү турак жайларды суу каптабай калат деген.

Суу сактагыч маселеси боюнча Ташиев мындан кийин маселе жаралбайт деп ишендирген. Сууну жергиликтүү калк пайдалана алат деп айткан.

Бирок Кара-Суунун Ынтымак айылынын тургундары Кемпир-Абаддын жанына боз үй тигип, Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан. Жолугушуу 19-апрелде өткөн. Анда Ташиев «эң пайдалуу келишим түзүлгөнүн» билдирип, протокол кабыл алынса «чек арада чыр-чатак болбойт» деп ишендиген.

Ошондой эле, атайын кызматтын башчысы нааразычылык акцияларды уюштургандардын аты-жөнүн билерин белгилеп, чагымчылдык болуп жатканын айткан. Натыйжада УКМКнын башчысы Өзбекстанга барып протоколду кайрадан каратып, 50 гектардын ордуна 20 гектар жерди алмашууга аракет кыларын убада кылган.

Тема боюнча: